Нарында ипотекалык батирлер тапшырылды

Садыр Жапаров Нарындагы МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышына катышты. “Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат. Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин…

Кененирээк

5-ноябрда Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Анда Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу долбоорлору сунушталып, аларга инвестиция тартуу жолдору талкууланат. Форумду Кыргызстандын Министрлер кабинети жана БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) уюштурат. Негизги багыттар: • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;• кайра жаралуучу энергетика жана «жашыл» өнөр жай;• санариптик көндүмдөр жана инновациялар;• ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;• продукциянын тышкы рынокторго чыгышын кеңейтүү. Ошондой…

Кененирээк

Кыргызстан чек арада санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстанда мамлекеттик чек ара бекеттеринде алдын алуу чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Адистер чек арадан өтүп жаткан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү көзөмөлдөп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциянын Кыргызстанга киришине жана жайылышына жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатышат. Орусиянын Иркутск облусунун Шелехов…

Кененирээк

КРдагы «Гриппол Плюс» вакцинасы грипптин актуалдуу штаммдарына ылайык жаңыртылды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Кыргызстан сатып алган «Гриппол Плюс» вакцинасы учурдагы грипп штаммдарына ылайык жаңыртылган. Анын курамына үч компонент кирет: A(H1N1), A(H3N2) жана Victoria линиясына кирген B гриппи. Вакциналардын курамы ДССУнун сунуштарына ылайык жыл сайын жаңыртылып турат. Мурда B/Yamagata компоненти камтылган төрт валенттүү вакциналар да колдонулчу, бирок бул вирус 2020-жылдын мартынан бери айланууда…

Кененирээк

Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Атадан бир бөлмөлүү батир белек кылынды

Меруэт Бакирова Тамчыдагы мектепте диндердин өнүгүү тарыхынан сабак берет. Ага батирдин ачкычын минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарада тапшырды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңген 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди. Бүгүн өлкөдө Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Кененирээк

Кыргызстанда компаниялар үчүн «кара тизме» даярдалып жатат

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 40ка жакын компания текшерилген. Алардын ичинен 16 компания боюнча материалдар компанияларды жоюу маселесин чечүү үчүн сотко өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору болгон компаниялардын жана жарандардын атайын «кара тизмеси» даярдалып жатат. Банктар да көзөмөлдү күчөтүүдө. «Элдик Банк» 126га жакын компаниянын, ал эми «АБанк» 100гө жакын компаниянын эсептерин жапты.

Кененирээк

Жапаров: Кыргызстан эми башка өлкөлөрдүн спутниктик маалыматтарына көз каранды болбойт

Президент Садыр Жапаров биринчи улуттук спутник өлкөнүн аймагын өз алдынча көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Анын маалыматтары айыл чарба жерлерин жана жайыттарды, жер кыртышын, түшүмдүүлүктү, аба ырайын, суу ресурстарын, мөңгүлөрдү жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөөдө колдонулат. Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Кыргызстан мындай маалыматтарды башка өлкөлөрдөн алып, акы төлөп келген. Эми спутник Бишкектен башкарылат. Жапаров 2026-жылдын 1-октябрын…

Кененирээк

Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктайт

Кыргызгидромет 4-5-октябрда тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлүп жатканын кабарлады. Ошондой эле бул күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу да мүмкүн. Ал эми 5-6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -10 градуска, өрөөндөрдө 1 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. 

Кененирээк

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти

Бишкектин калкы 1,5 миллионго жетти, шаарга күн сайын 200 миң адам иштегени келерин калаа мэри билдирди. Айбек Жунушалиевдин борбор калаада калк менен автоунаалардын саны кескин өсүп жатканын белгиледи. «Калктын санынын өсүшү шаардык инфраструктуранын өнүгүшүнөн озуп барат, мында улам жолдордо тыгын пайда болуп, инженердик тармактарга оорчулук келип жатат. Абанын сапаты курч көйгөйгө айланды. Транспорт, жашылдандыруу, шаардын…

Кененирээк

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өсүп жатат

Жарым жыл ичинде 1,56 млн адам жалпы суммасы 48,5 млрд сом болгон насыя алган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу насыя алуучулардын саны 2,7 эсеге көбөйгөнүн билдирет. Каражаттын басымдуу бөлүгү же 30 млрд сом жеке керектөөлөргө жумшалган. Дагы 7,6 млрд сом айыл чарбасына, ал эми 5,7 млрд сом соода тармагына багытталган. Кыргызстандыктардын чакан насыя берүүчү компанияларга болгон…

Кененирээк