Сургут шаардык китепканасына Ч. Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Сургут шаардык китепканасына Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчиликтин Сургут шаарындагы Канцеляриясынын демилгеси боюнча Сургут шаарынын администрациясынын 2024-жылдын 27-мартында буйругу менен №11 шаардык китепканага Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Белгиленгендей, китепканада улуу жазуучуга арналган мемориалдык жай уюштурулуп, анын чыгармаларынын өзүнчө жыйнагы…

Кененирээк

Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөрүн билдирди. Ага кошула турган бизнесмендерди министрликтеги мекемелер аралык комиссия аныктайт. Реестрге кирген ишкерлер мамлекеттик телеканалдардан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат, салык жана бажы кызматтарын кезексиз колдонот, Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат. Андан тышкары салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, реестрге…

Кененирээк

Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жол салынат

Кыргызстан менен Кытай жаңы «Бедел» чек ара өткөрмө бекетин ачуу үчүн талаа иштерин баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, аталган бекет Ысык-Көлдө Кытай менен чектештен аймакта жайгашат. Андан тышкары Ысык-Көлдөн коңшу мамлекетке кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» унаа жолу салынат. Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев башында турган жумушчу топ…

Кененирээк

ТҮРКСОЙ уюму Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузууга көмөктөшкөн кыргызстандыкты сыйлады

Түркиянын Анталья шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотконго көмөктөшкөн кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу сыйлык ээси “Кабар” агенттигине билдирген. Анын айтымында, сыйлыкты ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев тапшырды. “ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алганыма кубанычтамын. Чынын айтканда кыргыздын кызы катары Антальяда улуу жазуучубуздун эстелигин каржылап, орнотууга салым кошконума кубанам. Кадамжай районундагы…

Кененирээк

Президент Малайзиянын премьер-министри менен расмий жолукту

Бүгүн, 15-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим «Кыргыз Республикасы…

Кененирээк

Нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 16-18-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар…

Кененирээк

Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курулат

Бүгүн Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Akplas компаниясынын жетекчиси Хусеин Акин баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Akplas компаниясынын өкүлдөрү компаниянын потенциалы тууралуу маалымат берип, тармактагы 35 жылдык тажрыйбалары тууралуу айтып беришти. Акылбек Жапаров өз кезегинде, өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерге мамлекет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бардык маселелер кыска убакыттын ичинде…

Кененирээк

Катардан келген хирургдар угуусу начар балдарга акысыз операция жасоодо

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10-майда Катар мамлекетинен хирургдар тобу келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, катарлык дарыгерлер 18-майга чейин угуусу начар балдарга акысыз операция жасашат. 11-майга карата 8 балага операция жасалган.  Буга чейин кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтү Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл каржылык чыгымдарды, анын…

Кененирээк

Энергетиктер жаңы техникалуу болушту

Энергетика министрлигине 86 млн сомдук атайын 33 даана техникалардын ачкычы тапшырылды. Белгилей кетсек, жалпы 33 даана атайын техниканын 28 даанасы бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор. Техникаларды Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.  “Электр энергиясыз жашоону элестетип болбойт. Ошол себептүү Мамлекет башчыбыздын реформалары аркылуу өлкөнүн энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө….

Кененирээк

Салык төлөөчүлөр QR-коду менен бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн сервисти ишке киргизүүдө.  Мекемеден маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча жергиликтүү салык органдарына жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө менен өз пикирлерин калтыра алышат. Сын-пикир жөнөтүү үчүн уюлдук телефондун камерасын QR-кодго багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек.  Ошондой…

Кененирээк