Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жылдагы ийгиликтерди белгиледи. Ал узап бараткан жыл эгемен чек аралардын толук такталып, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганы менен эсте калганын айтты. Мындан тышкары, Кыргызстанга ири инвесторлор келип жатканын белгиледи. «Мурда өлкөбүзгө инвестор келсе экен деп самап келсек, бүгүн кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин…


