2030-жылга карата жасалма интеллект адамзаттан алда канча акылдуу болуп калат

Бул тууралуу америкалык миллиардер жана ишкер Илон Маск Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Анын айтымында, ошол убакка чейин дүйнөдө миллиарддаган адам сымал роботтор пайда болуп, алардын аркасында товарлар менен кызматтардын молчулугу түзүлөт. Маск роботтордун саны адамдардан да көп болоруна жана ар бир адам өзүнө ушундай андроид сатып ала аларына ишенет. Ишкердин айтымында, окуя ийгиликтүү өнүксө,…

Кененирээк

Кыргызстан жасалма интеллектти киргизүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 147 өлкөнүн ичинен 117-орунду ээледи

Microsoft компаниясынын ЖИ экономикасы институтунун отчетуна ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эмгекке жарамдуу кыргызстандыктардын сегиз пайыздан бир аз ашыгы гана ишинде нейротармактарды колдонушат. Бул көрсөткүчтү Кения, Камерун жана Борбордук Африка Республикасы менен салыштырууга болот. Рейтингдин жогорку саптарында Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур жана Норвегия орун алып, бул өлкөлөрдө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли 45 пайыздан 64 пайызга…

Кененирээк

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Өзгөн шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эки кабаттан турган жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, 100 орундуу. Курулуш иштери 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы тендердик баасы 49 миллион сомду түздү. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Өзгөн районунда жалпы 17 бала бакча, 4…

Кененирээк

Ош шаарындагы «Асан-Үсөн» бала бакчасына кошумча курулган имарат пайдаланууга берилди

Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Саамалыкка мэр Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. Калаа башчысы бакчанын ачылышында шаар тургундарына: “Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен мектептер жана…

Кененирээк

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу уланууда. Илим министрлигинин маалыматына ылайык, үчүнчү этап бүгүнтөн тарта 21-январга чейин, төртүнчүсү 26-28-январь аралыгында өтөт. ЖОЖдордогу кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга студенттерди тандоо жана кабыл алуу максатында жүргүзүлөт.

Кененирээк

Ашкана-кафелер жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар күтүүсүз текшерилиши мүмкүн

Ашкана-кафелерди жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан улам туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдигин күчөтөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу эл тамактанган, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

10 эмес 5 балдык баалоо системасы сакталат

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган «Алтын казык» мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар.«Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин Билим…

Кененирээк

3000 миң орундуу мечит курулду

Чүй обулусунун Жайыл районунда жаңы ачылган мечиттин ачылышы аземи болду. Мечит Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан. Бул эски мечиттин оордуна курулуп , курулуш иштери 3 жылда аяктаган.Жаңы курулган мечит 3 кабаттан туруп ,анын ар бир кабаты 500 чарчы метрди ээлейт. Бул мечитке бир учурда 3000 адамга чейин батат.Мечит демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен…

Кененирээк

Быйыл мектеп окуучуларынын формасы өзгөрөбү? 

Мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.Ал бардык билим берүү мекемелерине ак көйнөк, кара шым менен юбка кийүү сунушталганын белгиледи. «Форма мектептин уставына жараша, жалпы ата-энелердин жыйынында чечилет. Бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн дагы жакшы», — деди ал.

Кененирээк

Ошто көрүүсү начар балдар окуу куралдары менен камсыздалды

Ош шаарында көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жаңы китептер жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуу куралдары Ош шаарындагы «Русская лампада» кайрымдуулук фонду жана «Орус үйү» коомдук фонду тарабынан берилди. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын, Орусиянын Башкы консулдугунун жана «Орус үйүнүн» өкүлдөрү катышты. Билим берүү мекемеси физика, биология, химия, география…

Кененирээк