Москвада Айтматов атындагы театр ачылды

Москва шаарында алгачкы жолу боз үй форматындагы маданий мейкиндик ачылды. Ал улуу кыргыз жазуучусу, ойчулу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды. Жаңы ачылган бул маданий жай «Айтматов Тринити Клуб» деп аталып, жазуучу узак жылдар бою жашап, чыгармачылык менен алектенген Переделкино кыштагынын жанында жайгашты. Театрдын ачылыш аземи өзгөчө салтанаттуу жана мазмундуу өттү. Премьердик көрсөтүү…

Кененирээк

«Кара-Кыргыз» сериалы элге тартууланат

27-декабрдан тартып улуттук телеканалдан жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынан жаңы тарыхый «Кара-Кыргыз» сериалы көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Сериал 1917–1924-жылдардагы татаал тарыхый доорду чагылдырып, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры, бийлик боштугу жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөштү баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков,…

Кененирээк

Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду. Буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Жакынкы күндөрү жаңыдан…

Кененирээк

“Таң сыры” ыры кимге арналган?

“Таң сыры” кыргыздын жүрөгүндө эл-жерге, мекенге болгон сагынычтын гимнине айланган. Бирок аталган ырдын тарыхына токтолсок, ал башка өңүттө, тактап айтканда чет элге турмушка чыгып, кайра такыр башка тагдырда мекенге кайтып келген кыргыз кызына арналган.Бул ырды автор университетте окуп жүргөндөгү жоопсуз сүйүүсүнө арнап жазган. Анын сүйгөн кызы чет элдик жигитке турмушка чыгып,таңы салкын өлкөнү тандап кетет….

Кененирээк

Оштун борбордук аянтында жаңы оргума ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында жаңы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ачылыш онлайн режимде президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болду. «Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу…

Кененирээк

Кыргыз-кытай достугун даңазалаган иш-чара өттү

Бишкекте кытайлык кыргыздар негиздеген «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган кыргыз- кытай достугу» аталышындагы иш-чара өттү.Саамалык Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 70 жылдыгына карата уюштурулду.Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, күү чертилип, баяндама жасалып, эки…

Кененирээк

Ошто 33 баланын тушоосу кесилди

Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарынын борбордук аянтында 1 жаштан 3 жашка чейинки 33 баланын тушоосу кесилди. Буга балдар, кыз-келиндер, улуу муундагы кишилер чуркашты. Бул саамалыкты Дене тарбия жана спорт комитети уюштурган. Жеңүүчүлөргө ар түрдүү кызыктыруучу белектер менен ыйгарылды.

Кененирээк

Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган. 260тан ашык илимий эмгектин,…

Кененирээк

Ош шаарында өзгөчө соода маркети ачылды

Ош шаарында адал азыктар камтылган “Бимар” соода маркети ачылды. Мында спирт ичимдиктери сатылбай, керектөөлөрдүн ар бири сапаттуу жана ыңгайлуу.“Бимар” маркети Кыргызстан боюнча 10 жерге ачылып, 200 дөн ашуун жаранды иш менен камсыздап жатат. Соода маркетте товарлар ыңгайлуу баада, андан тышкары башка мамлекеттен келген өзгөчө адал товарлардын топтомун табууга болот.Саякатоону сүйгөн инсандар үчүн бул соода маркетте…

Кененирээк

“Бейиш-эненин таманында” тасмасы “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө “Оскар” сыйлыгына “чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясына өлкөнүн атынан катыша турган тасма тандалып алынды. Ал режиссёр Руслан Акунга таандык “Бейиш-эненин таманында” аттуу кино болду.“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелисте өтөт.

Кененирээк