Мамлекеттик ипотекалык компания эми премиум-класстагы батирлерин колдонууга берет

Прораб Бектур Назаровдун айтымында, ушул жылдын октябрь айында 6,5 миң батирдин берилиши күтүлүүдө. Үйлөр Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан. Анда ар бири 18 кабаттан турган 43 блок салынууда. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары бар. Тагыраагы, ар бир батир үчүн унаа токтотуучу жай да каралган. Курулушка сапаттуу каражаттар, М-400 үлгүсүндөгү цемент жана Россиядан…

Кененирээк

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулап жаткандарга айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы рейд жүргүзүп, суу сактагычтан 7 чакырым тор чыгарылганын кабарлады. Ошондой эле тор салып жүргөн эки адам аныкталып, аларга 11 миң сомдон айып салынган. Мекеменин кабарлашынча мындай рейддик иш-чаралар өлкөдөгү ири көлмөлөрдө жана суу сактагычтарда жүргүзүлүп жатат.

Кененирээк

Кыргызстандагы 70 миң таксисттин ичинен 15 миңи эле лицензия алды

Мындан улам Ички иштер министрлиги лиценция алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. Тактап айтканда, тизмедеги төмөнкү документтерди алып салуу каралууда: салыктар, салыктан тышкаркы кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын бар/жогу жөнүндө аныктама, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат жана соттолбогондугу тууралуу аныктама. Ошондой эле эми май айынан тартып такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензияны «Түндүк» тиркемеси аркылуу да…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасында кайрылуулар эми оозеки да кабыл алына баштайт

Буга чейин кайрылуулар текст түрүндө гана кабыл алынчу. Эми аудио кайрылуулар жасалма интеллект аркылуу текстке айланып, тиешелүү депутатка жөнөтүлөт. Кабылдамада жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн атайын бөлмө да каралган. Ошондой эле кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы жаңыртылып, процессти ыкчамдатууга шарт түзүлдү. Төрага Марлен Маматалиев жаңы кабылдаманын ишин текшерип, биринчи болуп келгендерди…

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:▪️Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);▪️Каракол – Эңилчек унаа…

Кененирээк

Датка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары парламентте

Эл өкүлү Улан Примов Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолукту. Жолугушууда Датка айылындагы жүрүп жаткан иштер, социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу маалыматтар айтылып, аларды чечүү жолдору талкууланды. Улан Примов буга чейин аймактын бир нече маселелерин жогорку трибунадан көтөрүп келе жатканын жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жергиликтүү эл өкүлдөрү менен бирге аракеттерди улантарын белгиледи….

Кененирээк

Кыргызстанда Европанын талаптарына жооп берген айдоочуларды даярдаган программа ишке кирет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкөдө Code 95 сертификатын алуу үчүн окуу курстары ачыларын билдирди. Аталган документ Европа Биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташыган айдоочулардан милдеттүү түрдө талап кылынат. Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Курсту бүткөндөр Европага барганда кошумча экзамен же окуусуз эле сертификат алса болот. СЕ категориясын 2009-жылга чейин алгандар бир жума, андан кийин…

Кененирээк

Нарын дарыясынын нугу бурулат

Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди. Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат. “Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.

Кененирээк

Оштогу СИЗОну музейге айлантуу сунушталды

Идеяны мамкатчы демилгелеп, аталган мекеме шаар сыртына көчүрүлөрүн, ал эми имаратты музей кылууга калаа мэри каршы эместигин жазды. “Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө…

Кененирээк

Буудай импорттогондорду кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды

Казак темир жолундагы кыйынчылыктардан улам Россиядан Кыргызстанга буудай алып келүү үзгүлтүкө учуроодо. Тактап айтканда, жүктүн көптүгүнөн Кыргызстандын транзитке болгон өтүнмөлөрүнүн 20 пайызы гана жактырылууда. Бул кырдаал өлкөдөгү ун комбинаттарында буудай запасынын азайышына алып келди. Буга чейин, буудайды өзү импорттоп, өзү ун өндүргөн ишканалар кошумча нарк салыгын төлөбөй келишсе, эми аларга жеткирип берген чарбалык субъекттерди да…

Кененирээк