Бишкекте мектептер арасында «Таза шаар» сынагы өтөт

ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты.  Жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.  Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат….

Кененирээк

Банк эсебиңиздеги каражат дагы мураска калышы мүмкүн

Өлкө боюнча 6,6 млн электрондук капчыкта 1,4 млрд сом бар. Бирок алардын кожоюндары кайтыш болсо, мураскерлери акчаны ала турган жоболор жок. Ошондуктан электрондук акчаны мүлк деп эсептөө сунушталды. Эми электрондук капчыктын ээси каза болгондо тийиштүү банк мураскерлерге маалымат берип, өткөрүп берет. Азыр Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып, президент кол коюшу гана калды.

Кененирээк

“Бишкек Арена” футбол стадионунан 500 метр радиуста үч кабаттан бийик имарат курууга тыюу салынат

Чектөө токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерге жайылтылбайт. Бул чаралар стратегиялык объектинин коопсуздугун камсыз кылуу жана анын иштөө, эксплуатациялоо режимин тактоо максатында кабыл алынган.

Кененирээк

Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат. Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады. Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Кененирээк

100 айыл өкмөткө жайыттарды жакшыртууга 100 миң доллардан грант берилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тамчыбек Тулеев маалымат берди. Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 230 айыл өкмөтү бар. Алардын ичинен сынак аркылуу тандалган 100 айыл өкмөтү жайыттарды натыйжалуу башкаруу үчүн $100 миңден грант алат. Каражаттын бөлүштүрүлүшү: $70 миңи — жайыттарды калыбына келтирүүгө; $30 миңи —…

Кененирээк

Зыяндуу газ чыгарган унааларга каршы рейддер өтөт

Жаратылыш министрлиги документ ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык келтирилгенин жана 15 жылдан берки укуктук боштукту жоюуга багытталганын белгиледи. Рейддик текшерүүлөр күчөтүлүп, унаалар токтотулуп, түтүндүн деңгээли өлчөнөт. Мониторинг бензин, газ, дизель менен иштеген, анын ичинде гибриддик унааларга да тиешелүү. Көмүр кычкыл газынын атмосферага чыгарууга жол берилген өлчөмү бекитилди.Эгер текшерүүдө зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген нормадан ашса, айып салынат….

Кененирээк

Садыр Жапаров бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарды

Жарлыктарга ылайык, Улан Ниязбеков милициянын генерал-полковниги болду. Ал эми Жумгалбек Шабданбеков генерал-лейтенант наамын алды. Мындан тышкары, Акылбек Намазов, Уранбек Шадыбеков, Тариэл Отонбаев, Талайбек Шаршеев, Талантбек Талипов жана Алишер Эрбаев генерал-майор наамына татыды. Ал эми Малик Бектургановго юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды.

Кененирээк

Кыргызстанда эркектердин саны 3,7 миллионго жетти

2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3,7 млн адамды түзүп, өлкө калкынын 49,5%ын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жарыяланган серепке ылайык, эркектердин үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ал эми өлкөдөгү ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында турат. Экономикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда: эмгекке жарамдуу эркектердин 77%дан…

Кененирээк

Цумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда

Бишкек шаарындагы ЦУМ соода борборунун жанына, мурунку эски фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда. Буга чейин мэр аталган объектиге текшерүү менен барып, курулуш жүргүзүп жаткан компанияга аны алып салууга 72 саат убакыт берген. Мэрдин айтымында, курулуш бекитилген эскиздик долбоорго жана шаар куруу нормаларына шайкеш келбей турганы аныкталган. Ошондой эле ал жашыл аймак менен фонтан зонасын…

Кененирээк

Күч түзүмдөрү реформаланат: жаңы тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча алдыдагы ири өзгөрүүлөрдү жарыялады. Мамлекет башчысы УКМКнын ишине байланышкан сындарды эске алуу менен, атайын кызматтын милдеттерин тактоо чечимин кабыл алганын билдирди. Негизги өзгөрүүлөр: УКМК өзүнүн гана милдетин аткарып калат: Чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм, экстремизм жана конституциялык түзүлүштү коргоо багыттары менен гана алектенет. Экономикалык кылмыштар жана базарлардагы көйгөйлөр УКМКнын милдети…

Кененирээк