Тышкы иштер министри: АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын виза алуу үчүн койгон 15 миң доллардык күрөөсү боюнча комментарий берди. Анын айтымында, азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө. АКШ тарап гуманитардык байланышты бекемдеп, ошол эле маалда миграциялык саясатын күчөтүп жатканын айткан. “Бизде маяна 40 миң доллар болсо бир жөн эле. Эгерде айлык миң доллардан ашпаса, жарандарыбыз эмне кылышы керек деген суроону коюп…

Кененирээк

Тоолуу аймактагы жолдордо кар көчкү жүрүшү ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-18-январь күндөрү өлкө аймагында күн кескин сууктап, кар жаашы мүмкүн экенин эскертти. Айрым аймактарда туман түшүп, жолдор муз болуп, ашууларда көчкү жүрөт. Коопту жолдор: Кара-Кулжа – Алайкуу жолу, Чычкан капчыгайы, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чоң-Ашуу, Чапчыма жана Көк-Арт ашуулары. Министрлик жарандарды зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууга жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Кененирээк

Айдоочулук күбөлүктүн В категориясы 10 ай окугандан кийин берилет

Президенттин иш башкармалыгынан автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө беришти. Алар негизинен төмөнкүдөй: «В» жана «С» категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программа бекитилди. «В» категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 10 айды (жалпы 480 саат) түзөт. Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, жол кырсыкта биринчи медициналык жардам берүү, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздерин окутуу, практика…

Кененирээк

Ош шаарында «Агрардык чарба” ишканасына жаңы гараж курулууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтобаевдин тапшырмасы менен “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына жаңы гараж, дан кампасы жана кыш мезгилинде айыл-чарба техникалардын оңдоочу жай курулуп жатат. Таштанды талаасына айланган жерди пайдалуу жакка иштетүү боюнча мэрдин демилгеси ишке ашырылууда. Жакынкы күндөрү жаңы обьектилер пайдаланууга берилет. Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасы шаар аймагындагы дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү…

Кененирээк

Кыргызстанда жеңил автоунааларды сатууда 2029-жылга чейин салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирди: жеңил автоунааларды (ТЭИ ТН 8703) сатууда жеңилдиктер 2029-жылдын 1-январына чейин колдонулат. Жеке жактар авто сатканда бир катар салыктардан толук бошотулат. Эми мындай салыктар алынбайт: -унаа сатуудан түшкөн кирешеге киреше салыгы; -транспорт сатууда КНС жана сатуудан алынуучу салык; -бул операциялардан түшкөн кирешеге пайда салыгы. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Муфтият орозо айы качан башталарын кабарлады

2026-жылы ыйык Орозо айы алдын ала маалыматтар боюнча 18-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 17-мартка караган түнү Кадыр түн болушу күтүлөт. Кадыр түн Орозо айынын 27-түндө болот.Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Орозо айт болжолдуу түрдө 20-мартка белгиленген. Бул күнү мусулмандар майрамдык Айт намазын окушат. Тактап кетсек,…

Кененирээк

“Газпром Кыргызстан” декабрда газга көп акча чыкканынын себебин түшүндүрдү

Ишкана октябрь жана ноябрь айларында айрым газ эсептегичтер көрсөткүчтөрдү туура эмес жибергенин билдирди. Жылдын акырында мурда топтолуп калган көрсөткүчтөр, анын ичинде үзгүлтүк болгон мезгилдеги маалыматтар алынган. Натыйжада декабрь айындагы дүмүрчөктөрдө айрым абоненттер үчүн төлөм суммасы күтүлгөндөн жогору чыгып келген. Анда дээрлик эки ай ичиндеги керектөө кошулуп жазылган. Компания ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады. “Газпром Кыргызстан” газ…

Кененирээк

2025-жылы Ош-Бишкек жолундагы бекеттерден 300 миллион сом чогулду

2025-жылы Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” бекеттеринен 300 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги кабарлады. 2025-жылы Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” жана “Кара-Көл” бекеттеринен 300 миллион сом чогулду. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 35.5 пайызга көп экенин Унаа жана жолдор министрлиги билдирди. Аталган посттордо коррупциянын алдын алуу жана адам факторун жокко чыгаруу максатында накталай эмес,…

Кененирээк

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүн бүтүрүп чыккан балдар үйлүү болушат

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүн бүтүрүп чыккан балдар үйлүү болушат.Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга…

Кененирээк

Тигүү тармагындагылардын киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөтүлдү

Тигүү тармагындагылардын киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады. Тигүү тармагындагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн орточо айлык акынынын 12 пайызын камсыздандырууга төкмөй болду. Ал эми орточо айлык акынын 1 пайызы киреше салыгы катары кармалат. Камсыздандыруу төгүм 2115 сом, киреше салыгы 440 сом болуп, бир кызматкер үчүн жалпы 2556 сом чегерилиши…

Кененирээк