Кыргызстанда жумушсуздардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдагы маалыматында өлкөдө катталган жумушсуздардын 46,3 пайызы аялдар. Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санына карата катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 2025-жылы жумуш издеп 58,6 миң адам кайрылган. Анын ичинен 39,8 миң адам жумушсуз катары каттоого алынган. Ушу тапта жумушсуздардын саны жагынан Жалал-Абад (10 376) жана…

Кененирээк

Айыл жерлерине да заманбап шарттары менен ипотекалык үйлөр курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-январда «Кабар» улуттук агенттигине маек берип мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасы тууралуу түшүндүрдү. “МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай…

Кененирээк

Садыр Жапаров тууралуу “Президент” деген даректүү тасма тартылды

Садыр Жапаров тууралуу “Президент” деген даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу журналист жана кинорежиссер Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.Анын айтымында, анда президент Садыр Жапаров акыркы 4-5 жылдагы орчундуу саясий окуяларга кеңири токтолуп, буга чейин коомчулукка айтылбаган маалыматтар менен бөлүшөт. Ал ошондой эле тасмада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу да ачык айткан кадрлары бар экенин кошумчалады.Маалыматка…

Кененирээк

Жарандардын 88%ы Кыргызстандын азыркы өнүгүү багытын туура деп эсептейт

Профессор Кусейин Исаев атындагы Коомду изилдөө борбору 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коомдук маанайдын жыйынтыктарын жарыялады. Онлайн-сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 1039 адам катышкан. Изилдөөгө ылайык, жарандардын 88%ы мамлекетте иштер туура багытта жүрүп жатат деп эсептейт. Республиканын бардык облустарында колдоонун деңгээли 84%дан 93%га чейин жеткен. Жаш куракка жараша айырмачылыктар да байкалган: 16–35 жаштагылар арасында оң пикир 83,6%ды түзсө,…

Кененирээк

ИИМ ата-энелерди кышкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды

Ички иштер министрлиги кышкы, жаңы жылдык каникулдарга байланыштуу ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт. Каникул учурунда окуучулар көбүрөөк убактысын көчөдө жана теңтуштарынын арасында өткөрүшөт. Ошондуктан ата-энелер алардын чөйрөсүнө кызыгып, алардын кайда жана ким менен жүргөнүн билип, ошондой эле коомдук жайларда жана короолордо коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүп турушу маанилүү. ИИМ кыш мезгилинде…

Кененирээк

Ошто кышкы эс алуучу жайлар текшерилди

ӨКМ Ош облусундагы эки тоо-лыжа базасынан бир катар эреже бузууларды аныктады. Мурдараак анда баллон менен муз тээп жаткан 3 адам ооруканага түшкөн. Министрлик «Чыйырчык» жана «Талдык» тоо-лыжа базаларында кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Текшерүүдө объектилерде медпунктулардын жана биринчи медициналык жардам көрсөткөн адистердин жоктугу аныкталган. Ошондой эле атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар жок болуп, өрт…

Кененирээк

Университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Эл аралык университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок, анда жашаган 150 студент толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жатакананын жалпы 300 чарчы метрдей аянты өрттөнгөн. Тилсиз жоо 2-январда түнкү саат 12ге чукул толук өчүрүлгөн. Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Лесхозная көчөсүндө турган Эл аралык университеттин…

Кененирээк

Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар 1-февралга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы такси айдоочуларына лицензия алуу боюнча чукул кайрылуу жасады.Берилген мөөнөттөн кийин лицензиясыз жүргүнчү ташыган айдоочуларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси: ▪️Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк ▪️Унаа башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү ▪️Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү ▪️Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү ▪️Рейс алдында унаа техникалык ал эми…

Кененирээк

Кыргызстанда акыркы бир суткада 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 365 төрөт катталып, анын ичинен төртөө эгиз төрөт болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда: – Жалал-Абад областтык бириккен клиникалык ооруканасында – 2 эгиз, – Бишкек шаардык перинаталдык борбордо – 1 эгиз, – Ош шаардык төрөт үйүндө – 1 эгиз төрөт кабыл алынды. Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 31-декабры саат…

Кененирээк

ИИМ жаңы жыл тынч өткөнүн билдирди

Өлкө аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталбаганын министрликтен билдиришти. Жаңы жыл түнү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө республика боюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылды.

Кененирээк