Кыргызстанда акыркы бир суткада 367 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 365 төрөт катталып, анын ичинен төртөө эгиз төрөт болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда:

– Жалал-Абад областтык бириккен клиникалык ооруканасында – 2 эгиз,

– Бишкек шаардык перинаталдык борбордо – 1 эгиз,

– Ош шаардык төрөт үйүндө – 1 эгиз төрөт кабыл алынды.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 31-декабры саат 08:00дөн 2026-жылдын 1-январы саат 08:00гө чейин республика боюнча жалпысынан 367 бала төрөлдү.

Анын ичинен 177си эркек бала, 190у кыз бала. Ошондой эле 9 кесарево операциясы жүргүзүлдү.

Жаңы жылдын алгачкы ымыркайы Ысык-Ата Жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлдү — салмагы 3 кг 915 г болгон кыз бала.

2026-жылдын 1-январы саат 00:00дөн 00:10го чейинки аралыкта жалпы 11 бала жарык дүйнөгө келди (5 кыз, 6 уул).

Эң көп төрөт Жалал-Абад областында катталып, 81 төрөт кабыл алынды. Ош шаарында жана Ош областында – 68, Бишкек шаарында – 69 төрөт болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *