Быйыл Ысык-Көлдө 1 миллион 300 миң турист эс алган

Быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган. Бул тууралуу Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуу учурунда маалымдалды. «Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс…

Кененирээк

Өлкөдө ВИЧтен көз жумган 3233 учур катталды

2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусунун 13 030 учуру расмий катталды. Анын 12 272си – Кыргызстандын жарандары калганы чет өлкөлүктөр. Көрсөткүчтүн 46% аялдар менен кыздар түзөт. Бул тууралуу Республикалык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдады.Эпидемияга байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эсептерге караганда, 3233 адам вирустан көз жумду. Дүйнөлүк саламаттык…

Кененирээк

Кыргыз азыктарын Түркиядагы белгилүү соода тармагы сатып алат

Түркиядагы белгилүү Happy Center соода тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.Ага ылайык КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Түркия Республикасындагы Happy Center соода тармагынын ээси Явуз Алтун мырза жана кыргызстандык экспортчулар менен иштиктүү жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Happy Center соода тармагына ата…

Кененирээк

Мектепте бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү тараткан окуучулар аныкталды

30-ноябрда Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткан 3 окуучу аныкталды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө борбор калаадагы №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары кармалган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган мектеп…

Кененирээк

Турак-жай кооперативдери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Маалыматка ылайык, турак жай кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти гана жүзөгө ашырат,башка түрлɵрү каралбайт. Кооперативдердин ишин, анын ыйгарым укуктары Министрлер кабинети…

Кененирээк

Президент иш сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;— Президенттин…

Кененирээк

Самаркандек айылында жаңы оорукана салынды

Баткендин Самаркандек айылында жаңы оорукана салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.Пайдаланууга даяр жаңы оорукананын имаратынан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев кабар алды. Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында Президент…

Кененирээк

Кыргызстандыктар жаңы жылда 1 жума эс алуусу мүмкүн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-7-январды эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштап жатат. Эгер бул сунушту министрлер кабинети жактырса, анда жаңы жылдык каникул бир жумага созулушу мүмкүн. Мындан тышкары, кыргызстандыктар 2024-жылдын март айында төрт күн, май айында беш күн катары менен эс алышы ыктымал. Анда Нооруз майрамына байланыштуу 21-24-март эс алуу күндөрү болуусу күтүлсө,…

Кененирээк

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат

Ноокен районунда ири текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.Анда президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруучу инвесторлор менен жолугушту. Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстандын Наманган облусундагы «Art Soft Holding» жана «SASSA GROUP» компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоор ылайык…

Кененирээк

Мамлекеттик ипотекага кезекке турган 13 миң адам 2 жылда үйлүү болот

Мамлекеттик ипотекалык насыяга азыр кезекте турган 13 миң адам 2024-2025-жылдары үй менен толук камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып билдирди. Президент соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алгандыгын белгиледи. «Мен бийликке келгенде Ипотекалык компаниянын саясатын жүз пайыз өзгөрттүк, ал банк сыяктуу эле компания болуп…

Кененирээк