Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен…

Кененирээк

Эмгек министрлиги 38 миңден ашык жумуш орунун түзөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 38 миңден ашык жумуш орундарын түзүү боюнча планды бекитти.Министрлик “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун, акы төлөнүүчү коомдук иштердин жана “жеке ассистент” кызматын көрсөтүүнүн алкагында жумуш орундарын түзөт.Ошондой эле, министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин окутат.

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.Ведомствонун маалыматына караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Кененирээк

Пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдонсо болот. Мыйзамга кол коюлду

Кыргызстандыктар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдоно алат. Мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу…

Кененирээк

2024-жылы кандай өңдөгү кийимдер модада?

Бул жылы кандай түстөр мода болоорун Pantone институту жарыялады.Pantone көп жылдар бою тренддерди болжолдоо же аныктоо боюнча эң алдынкы институт болуп саналат. Ошондой эле дүйнөнүн эң ири мода, дизайн бренддери менен иштешип келет. Pantone институту аныктагандай 2024-жылы шабдалы түсүндөгү (ток-сары) өӊдөр трендде болот.Эксперттер бул түстү «жан сергитээрлик” жана “энергия берүүчү» деп аташат. Муну байкаш үчүн…

Кененирээк

Бишкекте ысык суу кырк күнгө өчүрүлөт

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.“Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Ошондой…

Кененирээк

ОшМУнун клиникасында биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу 60 жаштагы бейтапка кардиохирургия боюнча жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалды. Окуу жайдан билдиришкендей, коронардык артерияны шунттоо операциясы — шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат. Операция…

Кененирээк

Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 4:2 эсебинде утту

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында экинчи жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз фудбол союзунан билдиришти. Турнир ушул күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат.Тайпалык баскычтын 2-турунун алкагындагы беттеште кыргызстандыктар Тажикстан фудбол курамасы менен беттешип, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.Эки голду Кенжебүбү Ырысбек кызы киргизсе, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рыспекова дагы бирден гол…

Кененирээк

5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда 5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылына жакын жайгашкан 0,18 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган жер тилкесин ээликтен ажыратуу менен учурдагы рыноктук баасы 5…

Кененирээк

80% ойдон көз каранды…Жапжаш болуп, жаркылдап жүрүүнүн 5 эрежеси

Гарвард университетинин окумуштуулары сулуу жана жаш бойдон узак жашоонун эң жөнөкөй себептерин аныктап чыгышкан.Сулуу жана жаш бойдон узак жашоого физикалык активдүүлүк 5%, туура тамактануу 15% жана ой-жүгүртүү 80% таасир этээрин билет белеңиз? Эгер узак жана дени-сак жашоону кааласаңыз анда ой-жүгүртүүңүздү өзгөртүп жана мээңизди көбүрөөк иштетиңиз. 1.ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨНҮҮ Тил үйрөнүү эске тутумду жана жаңы бир…

Кененирээк