Мыйзамсыз акча чогулткандар айыпка тартылабы?

Мектепте акча чогулткандарга ири суммадагы айып пул салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Ал мектепте акча чогултууга тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгы чыкканына карабай, бул көрүнүш уланып жатканын айткан. Мыйзам долбооруна ылайык, акча чогулткан жеке жактар 20 миң сом айыпка жыгылат. Ушундай эле иштер коомдук фонддорду түзүү…

Кененирээк

Кыргызстанда хоккей боюнча чемпионат башталды

Кыргызстанда хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн ат салышат. Улуттук команда бул үчүн Мексика, ТАР, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланд менен күч сынашмакчы. Турнирди ТАР менен Мексиканын командалары баштап берди. Түштүк Африканын оюнчулары мексикалыктарды утуп алды, андан соң Түркмөнстан менен Люксембург ойноду. Аталган беттештерден кийин чемпионаттын ачылуу аземи өтүп, артынан…

Кененирээк

Өлкө башчы Орозо айы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаровдун Орозо айынын башталышы менен куттуктоосуКыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер!Кадырлуу мусулмандар! Сиздерди Ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык…

Кененирээк

Эл аралык турнирде Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды

Балбан Эрназар Акматалиев Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирининн финалында жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык спортчу 70 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Алгач мекендеши Алибек Осмонов менен беттешип жеңишке жетти. Андан соң тажикстандык, япониялык жана монголиялык атаандаштарын артта калтырган. Бул турнирде Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, Улукбек Жолдошбеков алтын…

Кененирээк

Битир садаканын өлчөмү бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2024-жылга карата битир-садаканын жана зекеттин баасын бекитти. Быйыл битир-садака бир киши башына 1,6 кг буудай (50 сом), мейиз (680 сом), ун (75 сом) же 3,2 кг арпа (85 сом), курма (850 сом) туура келет. Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Битир-садака ушул азыктардын биринин баасына барабар…

Кененирээк

“Куршаб” балдар бакчасындагы бөбөктөр майрамдык маанай тартуулашты

Өзгөн районуна караштуу “Куршаб” балдар бакчасында 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата иш чара уюштурулду. 2-ортоңку тайпанын бөбөктөрү шаңдуу ыр майрам курушуп, ата-энелерге өзгөчө шаң тартуулашты. Бул тууралуу аталган балдар бакчанын тарбиячысы Тазагүл Якубова билдирди. Бакчада тарбияланып жаткан ар бир бала энелер жана жаз жөнүндө ырларды айтышып, майрамды шаңга бөлөштү. Иш чара, атайын даярдалган сахналык…

Кененирээк

Улуу Британия менен кызматташуу кеңейет

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттык курам Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Парламентинин Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту. Анда, Эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкуулады. Инвестиция жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да каралды. Гидроэнергетика жана тоо кен иштетүү тармактарында Кыргызстандын потенциялы чоң экенин дагы белгиленди….

Кененирээк

Өлкө башчы электр энергиясындагы соңку абалга түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСиндеги реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта чектөө коюлганын маалымдады. Өлкө башчы Электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын, электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи. Президент Токтотул ГЭСинен “суу сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, андай мүмкүн эместигин, ал…

Кененирээк

Кыз-келиндердин спорттук беттеши

Оштогу мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканада эмгектенген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдеш өттү. Иш чараны Ош шаарынын мэриясы менен дене тарбия жана спорт комитети 8-март аялдардын эл аралык майрамынна карата уюштурган. Мелдеш 2024-жылдын 5-6-март күндөрү Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт залында жана “Ош шаардык теннис жана стол тенниси» спорт мектебинде болуп өттү.Майрамдык…

Кененирээк

Орусиядан 10 жаран Кыргызстанга кайтарылды

2024-жылдын февраль айында Орусиядан оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 10 жараны мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 43 кыргыз жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 10 жараны мекенге кайтарылды.

Кененирээк