Быйыл ЖОЖдорго өтүү үчүн босого балл өткөн жылдагы деңгээлде калат

Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди. 2025-жылдагы босого балл:Негизги тест — 110 балл Предметтик тест — 60 балл Айрым багыттар боюнча: Педагогика — 130 (грант), 115 (контракт) Саламаттык сактоо — 120 (грант), 110 (контракт) Айыл чарба — 100 балл (грант/контракт) ИИМ академиясы жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер…

Кененирээк

«Кыргызфармация» дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат

2026-жылдын башынан бери «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Минздрав бекиткен тизме боюнча дары-дармек жана медбуюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууда. Үстүбүздөгү жылы сатып алуулардын бир бөлүгүн БУУ тутумундагы уюмдардын механизмдери аркылуу өткөрүү пландалууда. Бул моделдин алкагында 30га жакын аталыштагы дары-дармек жана медбуюмдар түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн алынат. Мындай ыкма ортомчуларды четтетип, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДСУнун преквалификациясына…

Кененирээк

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Парламентинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү

Тараптар эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана регионалдык күн тартибинин маселелерин талкуулашты. Министр европалык кесиптештерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, алардын республиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. Бул контекстте ал “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жана “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоору сыяктуу ири инвестициялык демилгелер менен тааныштырды. Ошондой…

Кененирээк

Жанар Акаев Оштун мэри катары ишке киришти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Кененирээк

Женевадагы орус-украин сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктады

17–18-февралда АКШнын ортомчулугу менен өткөн Женевадагы кезектеги сүйлөшүүлөр олуттуу прогресс алып келген жок. Экинчи раунд болгону 2 саатка созулуп, биринчи жолугушуудан үч эсе кыска болду. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский диалог «оор өткөнүн» айтып, суроолордун көбүнө жооп берген жок. Владимир Зеленскийдин айтымында, тараптар чыгыш Украина жана «инфраструктуралык объекттер» боюнча позицияларын талкуулашкан. Бирок көз караштар айырмалуу…

Кененирээк

2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгилүү болду

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: 1,6 кг буудай — 60 сом1,6 кг мейиз — 880 сом1,6 кг ун — 90 сом3,2 кг арпа — 100 сом1,6 кг курма — 1200 сом Фитир-садака бул азыктардын наркына жараша акчалай түрдө да берилсе болот .Муфтият азык-түлүктүн баасы туруксуз…

Кененирээк

Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.18-февралдын кечинде Жеңишбек Токторбаев өз арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан алынды. Жанарбек Акаев учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Ал «Азаттыкта» бир канча жыл журналист болуп иштеген. Ошондой эле 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон.

Кененирээк

Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Кененирээк

Ала-Арча паркында эки тоонун ортосуна асма көпүрө курулуп, жазында родельбан ачылат

Президенттин иш башкаруучусу айнек көпүрөнүн курулушу 18-апрелде башталарын, ал эми май айынан баштап родельбан ишке берилерин белгиледи. Каныбек Туманбаев КППдан баштап асма жол салынып, эмдиги жылдан баштап электромобиль, автобустардан баш тартуу мерчемделип жатканын кошумчалады.

Кененирээк

Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарын кабыл алды

Жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Жузеппина Принчи баштаган жети депутат катышты. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана адам укуктары, сөз эркиндиги талкууланды. Садыр Жапаров ЕБ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди. Ал эми Жузеппина Принчи эки тараптуу алака ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, билим берүү тармагындагы…

Кененирээк