Бишкек — Ош авиабилетинин баасын 4,5 миң сом кылуу көздөлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады. Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сатып, каттамдардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого тийиш. Бишкек — Ош багытындагы авиабилеттерди сатып алынган убактысына карабастан 4,5 миң сомдон кылуу каралууда. Сунуш Экономика жана коммерция министрлигине киргизилди.

Кененирээк

Бишкектен Нарынга учак билеттери алдыдагы үч ай бою болгону миң сомдон сатылат

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек менен Нарындын ортосундагы каттамдардын баасын 1000 сомго чейин арзандатканын жарыялады. Акциялык тариф 2026-жылдын май, июнь жана июль айларында бардык туруктуу каттамдар үчүн жарактуу болот. Бул чечим облус тургундарынын каттамын жеңилдетүүгө жана бийик тоолуу аймакты борбор калаалык туристтер үчүн жагымдуу кылууга багытталган. Билеттерди ортомчулардын комиссиясы жок сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр компаниянын санариптик…

Кененирээк

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү

Бишкек — Нарын — Бишкек каттамынын саны көбөйтүлдү. “Асман Эйрлайнс” компаниясы аталган багыт боюнча учууларды аптасына эки ирет — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып баштады. Буга чейин Нарынга ордо калаадан жумасына бир жолу учактар жөнөп жаткан болчу. Билеттин баасы дагы 3 миң 100 сомдун ордуна 2 миң 100 сомго арзандатылды.

Кененирээк