Кыргызстан жана Австрия Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүшөт
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын делегациясы менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана австриялык методология менен туризм мектебин ачуу талкууланды. Негизги долбоор — Ысык-Көл облусунда адистештирилген билим берүү борборун түзүү. Башкы басым кышкы туризм жана кышкы спорт түрлөрү үчүн кадр даярдоого жасалат, имараттарды реконструкциялоо жана жабдуу маселелери каралууда. Мындан тышкары,…
