Автомектептерди мамлекетке өткөрүү тууралуу президент түшүндүрмө берди
Президент Садыр Жапаров автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты. Анын айтымында, жеке автомектептердин көбү айдоочуларды сапаттуу окутпай, акча табууга гана кызыкдар болгон. Айдоочулук күбөлүктөр экзаменсиз, пара аркылуу алынган учурлар көп катталган. Натыйжада жол кырсыктары көбөйүп, Кыргызстанда жылына 900дөн ашык адам жол кырсыгынан каза болууда….
