Араванда жаңы бышкан картошка сатыкка чыкты

Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, учурда дыйкандар түшүмүн дүң баада сатып жатышат. Араван районунда 1665 гектар жерге картошка эгилген. Картошка негизинен бул өрөөндө 20-майларда бышат. Бирок, быйыл күндүн ысыгына байланыштуу эрте бышты. Дыйкандар түшүмүн жергиликтүү базарда жана Бишкек шаарында сатышат.

Кененирээк