Бүгүн билим берүү тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык акыларын ала башташат
Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө көптөн бери так жана табигый илимдер боюнча адистер жетишсиз болуп келет, ошондой эле математика боюнча функционалдык сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калууда. Ушуга байланыштуу мурда адистерди тартуу үчүн 20% теңдөө коэффициенти киргизилген, эми болсо коэффициенттер теңделип, бардык мугалимдерге колдонулат. Ал белгилегендей, буга…


