Ысык-Көлдө кийинки жумада коменданттык саат киргизилет

Маалыматка ылайык, 21-23-апрель күндөрү аймакта “Коопсуздук-2026” аталышындагы командалык-штабдык машыгуулар өтөт. Иш-чара Каракол шаарында, ошондой эле Кызыл-Суу менен Ак-Суу айылдарында болот. Мындан улам саат 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул убакыт аралыгында атайын техника жүрүшү ыктымал. Жергиликтүү бийлик жашоочуларды жана конокторду тынчтыкты сактоого, зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана тиешелүү талаптарды так аткарууга чакырды. Ысык-Көлдө кийинки…

Кененирээк

Каракол шаарынын мэри алмашты

Буга чейин аталган шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматтан алынып, ордуна Талантбек Иманов дайындалды. Иманов бул кызматка дайындалар алдында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Кутман Мамыров барды.

Кененирээк