Москвада апрелде кар жаап, 55 жыл мурунку рекорд жаңыланды

Москвага жааган кардын калыңды 12 сантиметрге чейин жетти. Синоптик Михаил Леустун айтымында, бул апрель айы үчүн акыркы 55 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Калың кардан улам шаарда дарактар кулап, айрым унаалар жабыркады. Бийлик тургундарды коомдук транспортту колдонууга чакырып, самокат жана велосипеддерди ижарага берүүнү убактылуу токтотту. Коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Кененирээк

Ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат

Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди. Жеңил транспортко бардык ашууларда жол ачык. Мекеме жол тейлɵɵ ишканалары түндө жааган карды, бороон айдап салган күрткүнү тазалап, жолго кум, туз себилип жатканын айтты. Айдоочуларды аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, керектүү шаймандарды кошо ала жүрүүнү эскертти.

Кененирээк