Монополияга каршы кызмат социалдык маанилүү товарлардын кымбаттап жаткан себептерин атады

Мекеменин маалыматына караганда, баалардын өсүшүнө төмөнкү факторлор таасир этүүдө. ▪️Логистика — чийки затты жана даяр продукцияны ташуу чыгымдары ▪️Валюта курсунун импорттук товарлардын баасына таасири ▪️Өндүрүштүк чыгымдар — электр энергиясы, жабдуулар, материалдар жана жумушчуларга кеткен каражат ▪️Айрым товарларга болгон мезгилдик суроо-талаптын көбөйүшү. Социалдык маанилүү товарларга ун, сүт азыктары, эт, балык, дан азыктары, жумуртка, жашылчалар, көмүр, бензин жана айыл чарба товарларынан жер…

Кененирээк

Министрлик: «Эттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат»

Кыргызстанда тирүү малдын баасы туруктуу болгонуна карабай эт кымбаттап жатат, бирок негизги пайданы өндүрүүчүлөр эмес, ортомчулар көрүүдө. Министр Эрлист Акунбеков акыркы үч айда чет өлкөгө 53 миң баш мал чыгарылганын, бирок малчылар иш жүзүндө андан пайда таппаганын билдирди. Министрлик бул маселени чечүү үчүн 1,5 миллиард сомго 10 адистештирилген кластер түзүүнү пландап жатат. Натыйжада фермерлер рынокко…

Кененирээк

Антимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдү

Мекеменин маалыматына ылайык, жеткирүүлөрдүн азайышы, сезондук шарттар, ошондой эле тооктордун тукумун жаңылоо жана пландуу эмдөө иштеринен улам өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы баага таасир берген. Мындан тышкары, канаттуулар фабрикаларында тоюттун, таңгактоочу материалдардын жана логистиканын кымбатташы дүң баанын өсүшүнө алып келген. Кызмат базарлардагы ортомчулар да баанын көтөрүлүшүнө себеп болгонун белгилеп, бааны турукташтыруу үчүн канаттуу өстүрүүчүлөр ассоциациясы жана ири…

Кененирээк