Эркин күрөш боюнча дагы эки спортчу коло медаль тагынды

Кечее, 11-апрелде килемге чыккан Жакшылык Байташов кичи финалда тажикстандык Сомонжон Икромовду жеңип алды. Балбандар 79 кг чен бирдигинде күрөшүп, беттеш 6:0 эсебинде кыргыз спортчусунун жеңиши менен аяктады. Ал эми бүгүн, чемпионаттын акыркы күнүндө балбан Яков Чаплин 92 кг салмакта коло медалдын ээси болду. Үчүнчү орун үчүн болгон ал беттеште кытайлык Хаде Айидусини 6:4 эсебинде утуп…

Кененирээк

Азия чемпионаты: Бүгүн балбан кыздарыбыз күрөшүп баштайт

8-апрель — Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын үчүнчү күнү. Килемге чыга турган балбан кыздарыбыз: ◾️Арууке Кадырбек кызы — 55 кг◾️Сезим Жуманазарова — 59 кг◾️Мээрим Жуманазарова — 68 кг◾️Айпери Медет кызы — 76 кг Беттештер саат 11:30да башталат.

Кененирээк

Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту. Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту. Күрөштүн…

Кененирээк

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

6-12-апрель күндөрү килемге грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Азиянын эң күчтүү балбандары чыгат. Жалпысынан 29 салмак категориясында медалдар ойнотулмакчы. Беттеште өлкө намысын Акжол Махмудов, Раззак Бейшекеев баштаган спортчулар коргойт.

Кененирээк

Кыргыз балбаны дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWWнин дүйнөлүк рейтингинде 70 кг салмак категориясында үчүнчү орунга чыкты. 25 жаштагы спортчуга бул көрсөткүч 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жыйынтык боюнча топтогон рейтингдик упайлар алып келди. Ал мелдеште коло медаль уткан. Жаңыланган рейтинг UWWнин расмий сайтында жарыяланды. Акматалиев өз категориясында дүйнөлүк лидерлердин катарында калууда.

Кененирээк

Акжол Махмудов негизги атаандашы менен күрөшөт

Күрөш федерациясы кыргыз балбаны болгариялык Айк Мнацаканян менен беттешерин билдирди. Экөө буга чейин төрт жолу күч сынашкан. Жалпы эсеп — 2:2. Мнацаканян дүйнө жана Европа чемпионаттарында бир нече байге алган. Ошондой эле Олимп оюндарына эки жолу катышкан спортчу. Алардын кармашы 13-февралда Бишкекте өтө турган SUPER 4 WRESTLING турниринин башкы беттеши болот.

Кененирээк

Беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн 352 млрд сом өндүрүлдү

Мындай маалымат Улуттук коопсуздук комитети өткөргөн коллегиялык жыйында айтылды. Жемкорлук менен күрөшүүнүн алкагында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен мүлктөр жана жер тилкелер дагы кайтарылган. Көрсөтүлгөн сумма толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун эсебине которулган. Каражаттар мамлекет башчынын буйругу менен социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат.

Кененирээк