Адылбек Касымалиев АКШнын мамкатчысы менен визалык режимди жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү

Анда тараптар соода-экономикалык, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар жана виза режимин жеңилдетүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, С5+1 форматындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Касымалиев өлкөнүн экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары экономика туруктуу өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан АКШ менен инновация, санариптештирүү жана технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Кененирээк

“Ата-Бейитте” апрель окуяларында курман болгондор эскерилди

2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларынын урматына мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Кененирээк

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады

Арслан Койчиев бул баш кийим элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы экенин белгилеген. “Ата-бабалар калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо…

Кененирээк