Ошто 1-класстын 73%ы орус тилин тандады

Ош шаарында быйыл 10 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды. Алардын 73%ы орус тилдүү класстарда билим алууну тандаган. Кыргыз тилдүү класстар үчүн 4 330 орун бөлүнүп, анын 2 790у толгон. Орус тилдүү класстарда 7 866 орун каралып, анын 7 613ү ээленди. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 1-класска кабыл алынган балдардын саны дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Кененирээк

Кыргызстанда быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталат

Кыргызстанда 2026-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мындай чечим Бишкекте ШКУ саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынган. Окуу процесси 25-майда аяктайт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт, ал эми ШКУнун юбилейлик саммити Бишкекте 31-августтан 1-сентябрга чейин уюштурулат. Саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, ал…

Кененирээк