Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан кийин аймактагы социалдык кызматкерлер калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө

Өзгөчө Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте кырсык болгон аймактарда жеринде иш алып барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алууда. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине түздөн-түз…

Кененирээк

Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

24-майда нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен шаардагы 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короосун жана жер төлөсүн каптаган. Таңкы саат 04:00 штаб уюштурулуп, шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кошумча маалымат берилет.

Кененирээк

ӨКМ башчысы Жалал-Абад менен Ошто селден жабыркаган аймактарды кыдырып жүрөт

Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Алай райондорунда сел жүрүп, бир нече турак-үйлөр жана социалдык обьекттер жабыркаган. Жолдор жабылган. Баткен жана Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында да сел суулары турак үйлөрдү каптаган болчу.

Кененирээк

Гүлчөдө селден улам өзгөчө кырдаал киргизилди

ӨКМ катуу жамгырдан улам аталган аймакта 92 үйдү жана 2 мектепти суу каптаганын билдирди. Кырсыктын кесепетин жоюуга жүздөгөн куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. 27-апрель күнү аймакта сел жүрүп, 25 үйдүн короосун каптагандыгы айтылган.

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ага ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:▪️Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);▪️Каракол – Эңилчек унаа…

Кененирээк