Кыргызстанда салык боюнча AiSalyk жасалма интеллекти иштей баштады

24/7 иштеген виртуалдык жардамчы кыргыз жана орус тилдеринде кол кабыш кыла алат. AiSalyk сайтта жалпы суроолорго жооп берсе, ал эми жеке кабинетте салык төлөөчүнүн маалыматына жараша кеңеш берет. Келечекте отчет жана декларацияларды толтурууга да жардам берери пландалууда. Бирок ал салыкчы адамдын ордун баспайт, кененирээк жооп керек болсо адиске кайрылуу кажет.

Кененирээк

Окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн тиркеме иштелип чыкты

Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Долбоор тест материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Тиркемеде ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолор жайгаштырылат. Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.

Кененирээк

Кыргызстанда алгачкы жолу үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге электрондук билерик тагылды

Юстиция министри Аяз Баетов долбоор Октябрь районунда сыналып жатканын, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн 3 айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагыларын белгиледи. Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Министр кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтыларын кошумчалады.

Кененирээк