Кытайдан атчан чыккан этникалык кыргыз кыздар Кыргызстанга жакындап калышты

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан атчан сапарга чыккан Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы 24-25-май күндөрү Торугарт аркылуу Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, алар Нарын аркылуу Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнө барып, андан соң Чүйгө келишет. Сапар Бишкекте жыйынтыкталат. Кыздар Кыргызстанда болжол менен бир жума болушат. Аларды Маданият министрлиги тосуп алууга даярданып, жергиликтүү тургундар дагы демилге көтөрүп…

Кененирээк

Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат. Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады. Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Кененирээк