Кара-Суудагы Медресе жана Таштак айылдарындагы мектептер кошумча имаратка муктаж

500 окучууга ылайыкташкан мектепте 2000ден ашуун бала 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Датка айылынын депуттары эл өкүлү Улан Примов менен болгон жолугушууда билдиришкен. Депутат Улан Примов бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында бул көйгөйдү эртелетип чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, жергиликтүү калк көп жылдар бою мектеп жана бала-бакча үчүн жерди трансфармациядан өткөрүп, кошумча имараттын…

Кененирээк

Депутат Гүлчөдөгү кырдаал боюнча Минкаб төрагасына кайрылды

Бүгүн, 29-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген Гүлчө шаарындагы абалды өз көзөмөлүнө алууну суранды. Анын айтымында, шаарга кошумча күчтөрдү жөнөтүү керек. «Жергиликтүү бийлик, ӨКМ кызматкерлери болгон аракеттерин жумшап жатат. Бирок ал дагы жетишсиз болуп жатат. Кошумча техника, каражат менен кырдаалды жөнгө салбаса болбойт”,-деди депутат.

Кененирээк

Кара-Кулжа менен Алайды байланыштарган жол-Турак үйлөргө коркунуч жаралабы?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Кулжа жана Алай райондорун байланыштырган жол Алай районундагы Корул же Жошолу айылынан чыкса, бир топ турак-үй буздурулушу мүмкүн экенин белгиледи. Эл өкүлү тийиштүү министрликти долбоорду иштеп чыгууда аймактагы абалды жана жергиликтүүлөрдүн сунуштарын эске алууга чакырды. Ошону менен бирге ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматын өз алдынча агенттик кылып…

Кененирээк

Депутат Улан Примов президенттен ипотекалык батирлердин курулушу тууралуу сурады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына байланыштуу депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Улан Примов өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутаттардын суроолоруна ачык жооп берип жатканын айтып, мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жайларын аймактарда да куруу…

Кененирээк

Улан Примов: “Совет доорундагы жатакананы мектеп катары пайдаланышууда”

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, Жоош айылында мектептин курулушу башталып, учурда токтоп калган. Натыйжада окуучулар совет доорунан калган жатакананы мектеп катары пайдаланууга аргасыз болууда. Депутат ушундай эле жагдай Кызыл-Тал айылында да орун алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Улан Примов Октябрь, Кызыл-Тал…

Кененирээк

Депутат: “Алты миң менен кантип бир ай жашайт?”

Экономика өсүп келе жатат, бирок жөлөк пул беш жыл мурдагы жобо менен аз көлөмдө берилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жыйында айтты. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурууну өтүндү. Парламенттеги «Элдик» жана «Адилет» депутаттык топтору 30-январдагы жыйынында социалдык тармактагы маселелерди карап жатат.

Кененирээк

Алай районунда калктын аярлуу катмарына чоң майрам уюштурулду

Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош облусунун Алай районунда майрамдык иш чара өткөрүлдү. Иш чара «Примов» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп ага Жогоркү Кеңештин депутаты Улан Примов, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Майрамдык салатанатка Алай районунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылып, алар үчүн концерттик программа…

Кененирээк

Чоң-Алай: 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Айыл элин күттүргөн иш чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов катышты. Саамалыктын алкагында мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Билим уясы 375 орунга ылайыкташкан. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат….

Кененирээк