ШКУ жыйыны: Сергей Шойгу Бишкекке келди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту. Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн арасында геосаясий чыңалуунун күчөшүн белгиледи. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар экенин айтты. Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик…

Кененирээк

Улуттук банк ШКУнун 25 жылдыгына карата күмүш тыйын чыгарды

Быйыл Кыргызстан уюмга төрагалык кылууда. Тыйындын алдыңкы бетинде ШКУнун эмблемасы жана мүчө мамлекеттердин желектери түшүрүлгөн. Арткы бетинде катышуучу өлкөлөрдүн карталарынын фонунда Кыргызстандын герби чегилген. Тыйындын салмагы — 28,3 грамм, номиналы — 10 сом.

Кененирээк

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Мамлекет башчы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Президент коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Кененирээк

Бишкекте биринчи жолу BITF 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада биринчи жолу эл аралык туризм жана меймандостук көргөзмөсү — Bishkek International Tourism Fair (BITF 2026) өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) төрагалыгынын алкагында уюштурулууда.Көргөзмө кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүгө жана туризм менен меймандостук тармагында жаңы ишкердик мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Конокторду эмнелер күтөт: Кыргызстандын 7 облусунун туристтик потенциалы; 139 катышуучу компания,…

Кененирээк