Кыргызстан эки учак жалдап Жакынкы Чыгыштагы 300 кишини алып кетүүгө макулдашты

Садыр Жапаров БАЭде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүлгөнүн билдирди. Биринчи кезекте жаш балдар менен аялдар алып келинмекчи. «Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет”,— деп жазган президент. Белгилей кетсек, аталган аймакта 20 миңден ашык…

Кененирээк

Кыргызстан өз жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып келүү үчүн каттам уюштурушу мүмкүн

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Омандын расмийлери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Министрлик Садыр Жапровдун тапшырмасы менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат бериле турганын билдирди. ТИМ Жакынкы Чыгышта жүргөн жарандарды этият болууга үндөп, кооптуу аймактардан оолак болууну жана документтерин дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.

Кененирээк