Нарын дарыясынын нугу бурулат

Бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек экенин энергетика министри билдирди. Таалайбек Ибраевдин айтымында, суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина курулат. “Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодум”, — деди министр “Биринчи радиого” берген маегинде.

Кененирээк

Былтыр Кыргызстанда сегиз чакан ГЭС ишке берилди

Былтыр Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44 МВттан ашык сегиз чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар чакан ГЭСтерин куруу иштерин активдүү уланууда. Бул объекттер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды 

Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планына ылайык, JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа сатып алынган.Жалпы…

Кененирээк