Сымбат Абдакимова

Кытайлык компания Бишкек шаарына таштанды ташуучу унаа берди

Кытайдын «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарына эки таштанды ташуучу унаа берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Атайын техника акысыз гранттык негизде берилип, Бишкекке жакын арада келет.Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан. Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү…

Кененирээк

Ишкерлер бир жыл текшерилбейт

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койгонун 9-январда фейсбук баракчасында жазды. Аталган жарлык ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатын көздөөдө. Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан…

Кененирээк

Туум төлөбөйүн десеңиз “жеке салык кабинетиңизди” текшерип туруңуз

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карызы тууралуу билдирүүлөрдү Cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу жибере баштады.Мекеменин билдиришкендей, эгерде салык төлөөчүнүн карызы болсо, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө жөнүндө билдирүү салык төлөөчүнүн макулдугусуз «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жиберилет. Билдирүү электрондук түрдө жөнөтүлгөндөн кийин, салык төлөөчү өзүнүн «жеке салык кабинетине» киргендигине же…

Кененирээк

Муз астына кирип кеткен балдар куткарылды

Балыкчы шаарында муз астына кирип кеткен эки жаш өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу маалыматты ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда 8-январь күнү болжол менен саат 15:25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган. Көлмөнүн үстүндөгү муз ичке болгондуктан, балдар сууда араң…

Кененирээк

Кесип үйрөтүлгөндөрдүн 62% ишке орношту

2023-жылы 8 жарым миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.Мекеменин маалыматына караганда, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Алар:компьютер оператору;соода агенти;ашпозчу;косметолог;чач тарач;тырмак жасоочу;укалоочу;визажист;котормочу;1С билими бар бухгалтери;тигүүчү;айдоочу;электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехникаары багуучулук жана башка. Министрликтин маалыматы боюнча, окуудан өткөндөрдүн 62% ишке орношкон. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Кыргызстан өткөн жылы 195 миң мал экспорттоду

Кыргызстан былтыр 195 миң баш мал экспорттогон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Белгиленгендей, 2023-жылдын 12 айында республикадан экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктар:ЭкспортБодо мал – 73 миң 905 баш;Кой-эчки – 116 миң 540 баш;Жылкы – 4 миң 996 баш.ИмпортБодо мал – 26 миң 292 баш;Кой-эчки – 940 баш;Жылкы –…

Кененирээк

Министр COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 8-январда кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды. «Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө…

Кененирээк

Жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Эске сала кетсек, 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койгон. Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган….

Кененирээк

ИИМге 66 кызматтык унаа тапшырылды

Ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган 66 унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Министрлер кабинетини төрагасы белгилегендей, республика боюнча 2 жылдын ичинде 42 имараты жаңы салынды. Өлкө боюнча РИИБдин бүт имараттары оңдоп түзөөдөн өттү. “Ар бир аймактык милиция кызматкери атайын камералар менен камсыз болду. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800гө жакын…

Кененирээк

Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 3 эмди 36 жаштагы айым 2-январда операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлардын салмагы – 2 кг 80 г, 2 кг 340 г, 2 кг 140 г болуп төрөлүшкөн. Кыздардын жана апасынын абалы…

Кененирээк