Ош Пирим

Мектеп формасы өзгөртүүсүз калтырылды

Агартуу министрлиги бирдиктүү мектеп формасы боюнча сунуштарды карап чыгып, токтомду өзгөртүүсүз калтырды. Кыздар үчүн мектеп формасы -классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы -ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак.Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл)…

Кененирээк

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы: Таласта Тянь-Шань карагайынын 90 миңге жакын көчөтү отургузулду

Таласта «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 88 миң көчөтүн отургузуу башталды. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой капчыгайында башталган. Бак тигүүгө облустук мекемелердин кызматкерлери, 500 ыктыярчы, экологдор жана активдүү жарандар катышууда. Жумаев бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана келечек…

Кененирээк

Кыргызстан ВПЧ-вакцинация менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда адам папиллома вирусуна каршы вакцинация менен камтуу 90,5%ды түздү. Өлкө ВПЧ-вакцинаны ийгиликтүү киргизүү боюнча Европа регионундагы алдыңкы он өлкөнүн катарына кирди. Бул маселе Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттер, ЮНФПА жана Үй-бүлөнү пландоо альянсы менен өткөргөн жумушчу кеңешмесинде талкууланды. Кийинки кадам — жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо системасын өнүктүрүү болот. Саламаттык сактоо министрлиги…

Кененирээк

9-майда Караколдо Любэ, «Блестящие» жана Николай Басков ырдайт

Концертти Каракол шаарынын мэриясы Евразия уюму менен биргеликте уюштурууда.Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары да сахнага чыгышат. Караколдо Жеңиш күнүндө «Өлбөс полк» акциясы жана эскерүү митинги да өтөт.

Кененирээк

Камчыбек Ташиевге эки берене боюнча айып тагылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу», ошондой эле 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча айыпталууда. Камчыбек Ташиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду….

Кененирээк

Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин көмөгү менен жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын…

Кененирээк

Кара-Суудагы Медресе жана Таштак айылдарындагы мектептер кошумча имаратка муктаж

500 окучууга ылайыкташкан мектепте 2000ден ашуун бала 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Датка айылынын депуттары эл өкүлү Улан Примов менен болгон жолугушууда билдиришкен. Депутат Улан Примов бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында бул көйгөйдү эртелетип чечүүнү өтүндү. Анын айтымында, жергиликтүү калк көп жылдар бою мектеп жана бала-бакча үчүн жерди трансфармациядан өткөрүп, кошумча имараттын…

Кененирээк

Бишкекте «Өчпөс полк» акциясын өткөрүүгө макулдук берилди

Бул тууралуу кыймылдын координатору Зульфира Хабибулина билдирди. Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө мэриядан уруксат алынды жана иш-чара сөзсүз өтөт. «Сапка тизилүүнү жарыялайбыз! “Өчпөс полк” жүрүшкө чыгат!»— деп айтылат маалыматта. Уюштуруучулар чогулуу убактысы жана жүрүштүн багыты тууралуу маалыматты кошумча билдирерин белгилешти. Салтка ылайык, «Өчпөс полк» акциясы жыл сайын 9-майда өтүп, ага миңдеген адамдар катышат. Алар Улуу Ата…

Кененирээк

Депутат Гүлчөдөгү кырдаал боюнча Минкаб төрагасына кайрылды

Бүгүн, 29-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген Гүлчө шаарындагы абалды өз көзөмөлүнө алууну суранды. Анын айтымында, шаарга кошумча күчтөрдү жөнөтүү керек. «Жергиликтүү бийлик, ӨКМ кызматкерлери болгон аракеттерин жумшап жатат. Бирок ал дагы жетишсиз болуп жатат. Кошумча техника, каражат менен кырдаалды жөнгө салбаса болбойт”,-деди депутат.

Кененирээк

Бишкек шаарына 148 жыл толду

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарын жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. «Биз шаарды өнүктүрүп, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз кылууга аракет кылып жатабыз», — деп белгиледи ал. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарына 148 жыл толду. Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн.

Кененирээк