Саламаттык сактоо министри менен Түркиянын Элчиси медициналык кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында акысыз квоталардын негизинде дарылоого жөнөтүү программасын ишке ашырууга бурулду. Жыл сайын 150 квота каралары…

Кененирээк

АКШнын Иранга каршы операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты

АКШнын Иранга каршы жүргүзүп жаткан операциясынын чыгымы 42 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын Iran War Cost Tracker порталына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты. Андагы маалыматка ылайык, 36 күндүн ичинде чыгымдар 42 миллиард доллардан ашканы көрсөтүлгөн. Аталган портал бул эсептөөлөрдү АКШнын Коргоо министрлиги берген маалыматтардын негизинде эсептеген. Буга чейин АКШнын Коргоо министрлиги операциянын алгачкы…

Кененирээк

Кыргызстан жөнөткөн 7 фура гумжардам Иранга жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Серахс шаарына жеткенин кабарлады. Аны кабыл алуу иштери 7-апрелде бажы процедуралары аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Эске салсак, 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек жүктөлгөн 7 фура 3-апрелде Кыргызстандан жөнөп кеткен.

Кененирээк

Кыргызстан үч өлкө менен энергетиктерди даярдоо борборун түзүүнү көздөп жатат

Казанда өткөн энергетикалык форумда Электр тармактары ишканасы менен «Сетевая компания» (Татарстан) ортосунда келишимге кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстан Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда биринчи жолу электрди өчүрбөй туруп иштөөнү үйрөтө турган атайын борбор ачылат. Бул борбор Кыргызстанды электроэнергетика тармагында билим берүүчү хаб катары бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоор ошондой эле электр энергиясын өчүрүүнүн санын жана узактыгын кыйла…

Кененирээк

Кыргызстанда АЭС куруу чечими жарандардын катышуусунда кабыл алынат

Амангелдиев АЭС маселеси референдумга чыгышы мүмкүн экенин айтты. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары бул багытта “Росатом” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок алгач тиешелүү инфраструктура түзүлүп, адистер даярдалышы зарыл экенин билдирди. Ошондой эле АЭС куруу маселеси сөзсүз түрдө жалпы элдик референдумга чыгарылары айтылды.Амангелдиев энергетика экономиканын негизги кыймылдаткычы экенин белгилеп, өлкөнүн өсүшү жаңы энергия кубаттуулуктарын талап…

Кененирээк

Кыргызстан Иранга 7 фура гумжардам жөнөтөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жүк жөнөтүүдө. ӨКМ билдиргендей, анын ичинен 66 тонна азык-түлүк — ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы — жана 63 тонна дары-дармек бар. Жүк ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасынан турган колоннага…

Кененирээк

Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы аткарылды

Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты. «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы Өзбекстандын Ташкент шаары менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда Centrum Air авиакомпаниясынын түз аба каттамы ачты. 1-апрелде алгачкы учуу аткарылып, 95 жүргүнчү тейленди. Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Мындан ары жаңы учуулар ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Кененирээк

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо тартиби киргизилет

Каттоо Кытай рыногуна чыгуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлөт. Каттоонун жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда каттоону токтотуу же жокко чыгаруу чаралары каралган. Жаңы тартиптин кабыл алынышы продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экспорттоочуларга коюлган талаптарды жогорулатууга багытталган. Ошондой эле продукцияны баалоо жана рынокко…

Кененирээк

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги убактылуу ишин токтотту

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарына болушунча сак болуу сунушталат: -Жеке коопсуздук чараларын так сактап, эл көп чогулган жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийликтин талаптарын так аткаруу зарыл. -Дайыма өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүп, расмий маалыматтарды тыкыр көзөмөлдөп туруу керек. Министрлик жарандарды Иранга убактылуу барбай турууга чакырат. АКШ…

Кененирээк

Иран–АКШ жаңжалы: Карапайым калк арасында курмандыктар көбөйүүдө

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккулардан улам 244 аял каза болду. 18 жашка чейинки 214 өспүрүм,5 жашка чейинки 17 бала жана 24 медицина кызматкери набыт болду. Жалпысынан каза болгондордун ичинде 261и — аялдар жана жаш балдар. Жарандык инфраструктурага келтирилген зыян да өсүүдө. Кызыл Жарым Ай уюмунун маалыматы боюнча: 93 233төн ашуун объект…

Кененирээк