Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат

Бишкек жана Ошто жасалма интеллект менен иштеген көчө жарыгы орнотулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, демилге жеке компанияларга таандык. Смарт-мамылар күн панелдери жана шамал генераторлору менен иштеп, камералар менен камсыздалып, жасалма интеллект орнотулган. Ошондой эле жарандар аталган мамылардагы wi-fi менен колдонуп, электромобилдерин кубаттай алышат.

Кененирээк

АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга 3000 доллар берилет

Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга кенемтени көбөйтүп, 3000 долларга жеткирди. Бул тууралуу дүйшөбүмдө Ички коопсуздук министрлиги билдирди. Ал акча мыйзамсыз жүргөн, жыл аягына чейин АКШдан чыгып кетебиз деп катталган чет элдиктерге берилмекчи. Маалыматка караганда, бул каражатка билеттин баасы да кирет. «Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланып, өздөрү депортация болушу керек. Себеби андай…

Кененирээк

«Түндүк» тиркемеси аркылуу 100 миңге жакын жаран өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салды

“Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө-өзү насыя алууга тыюу салгандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эске салсак, механизм 1-ноябрда ишке кирген. Анын башкы максаты — алдамчылардан коргоо болуп эсептелет. Кызмат акысыз, ыктыярдуу жана жарандарга өзүнүн атына насыя каттоого мүмкүнчүлүктү бөгөттөп коюу укугун берет. Тыюуну алып салуу дагы “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кененирээк

Өлкөдө бир жылда 1 545 чакырым жол асфальтталды

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жол тилкелеринде асфальттоого чейинки ири жер иштери аткарылып, алар кийинки жылы асфальт басууга толук даярдалды. Министрликтин баштапкы планы болжол менен 1 миң чакырым жолду асфальттоо болгон. Жол куруучулардын…

Кененирээк

Айдоочуларга кулак кагыш! Ош шаарында Мамыров көчөсү убактылуу жабылат

Ош шаарынын Мамыров көчөсү (Алиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки аралык) 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү түнкү саат 00:00дөн баштап унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Чектөө 2 күнгө созулуп, ишемби, жекшемби күндөрү бул жолдо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Муниципалитет убактылуу ыңгайсыздыкты эске алуу менен багытыңызда алдын-ала пландап алууну эскертет.

Кененирээк

2026-жылы айлык акылар этап-этабы менен жогорулайт

2026-жылы Кыргызстанда айлык маяналар эки этап менен көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият тармагынын жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгы кеминде 50 %га көтөрүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын башынан тарта ишке ашат. Экинчи этап 1-сентябрдан баштап жүргүзүлүп, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга…

Кененирээк

Ашкана-кафелер жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайлар күтүүсүз текшерилиши мүмкүн

Ашкана-кафелерди жана косметологиялык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканалар үч жыл бою текшерилбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан улам туристтик сезондо коомдук тамактануу жайлары көзөмөлсүз калып, уулануу жана жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдигин күчөтөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу эл тамактанган, медициналык кызмат көрсөткөн жерлерди текшерүүгө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары,…

Кененирээк

Бакен Кыдыкеева атындагы театр 36 жылдан кийин жаңыланды

Бакен Кыдыкеева атындагы «Жаш көрүүчүлөр» театры 1989-жылы негизделип, 36 жыл бою өзүнүн жеке имаратысыз иштеп келген. 2024-жылы имарат толугу менен театрдын карамагына өткөрүлүп, 2024-2025-жылдары Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жаңыланган имарат заманбап жарык, үн, механикалык жабдуулар, видеобайкоо системалары жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу креслолор менен толук жабдылган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк стандарттарга жооп берип, көрүүчүлөр…

Кененирээк

Эртең мененки коюу туманга байланыштуу “Манас” аэропорту 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасы алардын ичинен 7 рейс Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандарын Алматыга жөнөткөнүн билдиришти. “Саат 8:30дан тарта абал турукташып, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер Бишкекке кайтууда”, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул 24-декабрда башталат

Келе жаткан дүйшөмбүдөн тарта бардык 1-класстын окуучулары үчүн кышкы каникул башталат. Бул туралуу агартуу министрлиги маалымдады. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, алты жаштагы балдардын окуудан эс алуусу 24-декабрдан 18-январга чейин пландалган. Калган окуучулар каникулдун жалпы графиги боюнча — 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат. Сабактар 12-январда кайра башталат.

Кененирээк