Оштогу Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат
Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Тиешелүү макулдашууга кытай тарап менен кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, гидроэлектростанция 20-25 МВттык болот. Инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт.


