Министрлик жол белгилерин өзү чыгарат… Негизги жолдордогу белгилер жаңыланууда
Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт унаа жолундагы жол белгилери жаңыланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. «Жол белгилерин №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.«№2 Жол тейлөө мекемеси Ош–Баткен–Раззаков, Баткен–Кара-Бак–Чоң-Талаа, Бужум–Баткен–Кызыл-Жол унаа жолдорундагы эски белгилерди алмаштыруу менен алек», — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, жол белгилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү чыгарат. “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинен…


