Жыл башынан бери 41 айыл чарба техникасы лизингге берилди

2024-жылдын 8-январынан 30-январына чейин 593 млн сомго 41 даана техника дыйкандарга лизинг жолу аркылуу берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндар, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлор жана башка айыл чарба шаймандары жеңилдетилген шарттарда…

Кененирээк

“Сынган кылыч” романы сериал болуп тартылат

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын негизинде сериал тартылат. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди. Анын айтымында, каражат маселеси чечилип, алгачкы этабында эле 200 миллион сом бөлүнөт.Тарыхчынын пикиринде, романдын маңызын бир көркөм тасмага камтуу мүмкүн эмес болгондуктан беш серия тартылат. Белгилей кетсек, тарыхый романдын негизинде тасма тартуу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата сунушталган.

Кененирээк

Айлык кирешеси кырк миң сом… “Соцконтракт” программасы 18 миң жумуш орун түздү

«Социалдык контракт» программасына катышкандардын дээрлик 30% га жакыны айына 40 миң сомго чейин айлык ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзүшкөн.«Социалдык контракт» программасы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттин…

Кененирээк

Кыргызстанда бүгүн 4 жолу жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-январда 4 жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунда саат 10:51де жер титирөө катталып, очогунда күчү 3,6 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана…

Кененирээк

Бишкекте бүгүндөн тарта жол кире кымбаттады

Бишкекте бүгүндөн тарта жол кире кымбаттайт. Автобус-троллейбустарда карта менен төлөсө 17 сом, накталай 20 сом болот. Жеке автобус менен кичи автобустарда жол акысы 20 сомду түзөт. Азыр жол акы автобус-троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сомду түзөт.

Кененирээк

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат

Садыр Жапаров кийинки Президенттик шайлоого катышат. Маалыматты «Кабар» агенттигине президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктаган. «Президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат. Учурда узак мөөнөттүү, өлкөбүз үчүн стратегиялык маанидеги эл аралык долбоорлорго старт берилип, пландалып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадамы болот«, — деди Аскат Алагөзов. Белгилей кетсек, буга…

Кененирээк

3 балбан кыз Орусияда өткөн мелдештен байгелүү кайтышты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Орусияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды багынтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. “Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган эл аралык мелдеш Красноярск шаарында 25-28-январь күндөрү өткөн. Ага 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Байге фонду 7 млн рублды түзгөн мелдеште жалпы 20 комплект медаль ойнотулду.Эл аралык мелдеште кыргызстандык…

Кененирээк

ЮНИСЕФ Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 25 чоң чатыр тапшырды

ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы баасы 4,5 млн сомдон ашуун 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Бул тууралуу ЮНИСЕФтен билдиришти. Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар.Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы…

Кененирээк

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги кызматын тапшырды

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу Кыргыз фудбол союзунун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн жыйын өтүп, анда бирикменин президенти Медербек Сыдыковдун курама команданын Азия кубогунда өткөргөн оюндары боюнча маалыматы угулду. Анын жыйынтыгы менен Медербек Сыдыков кызматын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтты. Аны менен бирге аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү…

Кененирээк

Муфтийликке кимдер талапкер боло алат?

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти.Талапкерлер Муфтиятка 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек.Ушул жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы чакырылып, анда өлкөнүн муфтийи тандалат.Белгилей кетсек, 26-январда Замир Ракиев Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткендигин кабарлашты. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер үчүн коюлган…

Кененирээк