203 орундуу жаңы перинаталдык борбор ачылды

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы перинаталдык борбордун ачылышына катышты. Борбордо кош бойлуу кезинде патологиясы бар аялдарга жана майыптыгы менен төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт. “Буга байланыштуу борбор жаңы инновациялык жабдуулар жана операциялык бөлмөлөр менен камсыз болду. Борбордун иши бала жана эне өлүмүн азайтууга жардам берип, ата мекендик медицинанын өнүгүшүнө…

Кененирээк

Дыйкандарды колдоо үчүн 1 млрд. сом кепилдик берилди

Дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти. Белгиленгендей, айыл чарбасы «Кепилдик фонду» ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. 2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736. Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51…

Кененирээк

Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү «Имам Сарахси» атындагы мечитте жума намаздын алдында билдиргендигин “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттиги жазды. Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.

Кененирээк

Улуттук университетте эл аралык тестирлөө борбору ачылды

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. “Anglia examinations” расмий өкүлү Мартин Клотз долбоору тестирлөөдөн тышкары Англиянын университеттеринде онлайн окуу аркылуу кош дипломго ээ болуу мүмкүндүгүн, “Anglia Examinations” борборунун 5 деӊгээлден турган тил үйрөтүү китептерин, Улуу Британияда 2-6 жумага…

Кененирээк

Бишкекке 124 жаңы автобус келди

Бишкекке 124 жаңы автобус келди. Бүгүн жаңы автобустарды “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына расмий тапшыруу аземи өттү. Узундугу 10,5 метр болгон кысылган жаратылыш газы менен иштеген 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланган «Жашыл шаарлар 2, терезе 2» программасынын «Бишкек автобустары» долбоорунун алкагында өлкөгө алынып келди. Долбоор Япония өкмөтүнүн грантынын эсебинен…

Кененирээк

Бишкектин “Красный строитель” конушунда 5 күн газ берилбейт

29-январдан 2-февралга чейин газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, бул күндөрү жер астындагы орто басымдагы газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышын жоюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлөт. Жаратылыш газын берүү төмөнкү көчөлөрдө токтотулат:Сары-Челек көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Айланма жолу;Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиева көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү…

Кененирээк

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан балыктар артка кайтарылды

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка…

Кененирээк

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.Маалыматка ылайык, аталган багыттагы алгачкы учак күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда келип конгон.Жаңы каттам боюнча жүргүнчүлөр жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү уча алышат.«Манас» эл аралык аэоропортунда Кытайдын Пекин шаарынан учуп келген…

Кененирээк

128 айыл аймагы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздалып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» басма сөз кызматынан билдиришти. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады. «Бүгүнкү күндө «Кыргызтелеком»…

Кененирээк

Ош: эки деңгээлдүү өтмөк курууга даярдык башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөк курууга даярдык башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Эки деңгээлдүү өтмөк А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп, жер астынан-үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө ылайыкталууда. Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө иштери башталды. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда…

Кененирээк