Жогорку соттун төрагасы: 32 жылда алгачкы жолу кызматтык унаалуу болдук
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине жаңы 47 кызматтык автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.«Бүгүн сот тутумунун тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири деп айтсам жаңылышпайм. Анткени эгемендүү өлкөбүздүн 32 жылдык тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен сот аткаруучуларга 47…


