Кыргызстандан фронтко аттанган 1395 кыздын тагдырын чагылдырган «Өрт кечкен сөйкө» аттуу жоокердик-тарыхый сериал тартылып бүттү
8 сериядан турган бул теледолбоор Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Тасма кыргызстандык жана советтик жоокерлердин эрдигин, мекенчилдигин жана биримдигин көркөм формада баяндап бермекчи. Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Паськонун (Каракол шаары), хирург Рафа Айдарбекованын (Чүй облусу), зенитчи Тамара Балтабаеванын, фронтто кызмат өтөгөн радисттердин, чалгынчылардын, снайперлердин жана фельдшерлердин образдары берилет. Сериалда жаш…

