Кыргызстанда учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча алгачкы окуу борбору ачылды

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында учкучсуз аппараттарды башкаруу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор Кытайдын Шеньсий кесиптик-техникалык колледжи менен өнөктөштүктө Xi’an Tianyi Intelligent Control Education Technology компаниясы тарабынан ачылды. «Жаңы окуу борбору геодезия, транспорттук, геомаалыматтык жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түрдүү тармактарда дрондордун технологиясы жана…

Кененирээк

Алайдагы памирлик кыргыздар атайын кесиптерге окутулат

Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар электр газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча окутула баштайт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү. Лицейдин администрациясы…

Кененирээк

Кыргызстандык окуучулар Румынияда ийгилик жаратты

Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн VIII эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында алты медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мелдеш 10-12-февралда өткөн. Кыргызстандык окуучулар үч күмүш жана үч коло медаль жеңген. Алар: Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу —…

Кененирээк

Абитуриенттер мамлекеттик тилден тест тапшырууга милдеттендирилет

Абитуриенттер ЖРТны кайсы тилде тапшыргандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат….

Кененирээк

80% ойдон көз каранды…Жапжаш болуп, жаркылдап жүрүүнүн 5 эрежеси

Гарвард университетинин окумуштуулары сулуу жана жаш бойдон узак жашоонун эң жөнөкөй себептерин аныктап чыгышкан.Сулуу жана жаш бойдон узак жашоого физикалык активдүүлүк 5%, туура тамактануу 15% жана ой-жүгүртүү 80% таасир этээрин билет белеңиз? Эгер узак жана дени-сак жашоону кааласаңыз анда ой-жүгүртүүңүздү өзгөртүп жана мээңизди көбүрөөк иштетиңиз. 1.ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨНҮҮ Тил үйрөнүү эске тутумду жана жаңы бир…

Кененирээк

Бишкектеги мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өттү

Бишкекте мектеп, бала-бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан окууга Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) катталган аварияны жүйөө келтирди. Белгилей кетсек, ЖЭБте 2-февраль түнкү саат 03:00 чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, экөөнүн абалы оор экендиги маалымдалды. Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Ошондой эле…

Кененирээк

Ч.Айтматовдун бейнесин чагылдырган китеп жарык көрдү

Бишкек шаарында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бейнесин чагылдырган “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, анда “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинде буга чейин кеңири окурмандар коомчулугуна белгисиз болгон, үй-бүлө мүчөлөрүнө гана белгилүү болгон маалыматтар, жазуучунун чыгармаларынын прототиптери жөнүндө, айрым чыгармалардын жазылыш тарыхы жөнүндө сөз болгондугун айтты. Кыргызпатенттен билдиришкендей,…

Кененирээк

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар оюнчук, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалууда

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү ачылып жаткан 560 бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар оюнчук, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалып жаткандыгын билдирди. Азыркы күнгө келип, 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап жүрүп жатат.Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу — 56, Жалал-Абад облусу — 85…

Кененирээк

Ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыз берген мугалимдердин саны айтылды

325 мугалим ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан уюштурулган эксперттик комиссия педагогдорду квалификациялык категорияларга дал келүүсү боюнча ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына берилген документтерди экспертизациялоону баштады. Санариптик каттоонун жыйынтыгында 325 арыз келип түшкөн, анын ичинде эң көп Ош облусунан…

Кененирээк

Кыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында алдыңкы орундарга ээ болушту

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT так илимдер боюнча математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар: • Худайберди Гурдов, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – физика предмети боюнча алтын медаль; • Машыктыруучулардын…

Кененирээк