Кыргызстан менен Катар биргеликте тасма тартат
Кыргызстан менен Катардын маданияты, тарыхы жана каада-салттары тууралуу тасма тартылат. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусунда жетишилди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-январда Катардын Доха шаарында өткөн. Анда министрлер маданият тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун…


