Депутат Улан Примов президенттен ипотекалык батирлердин курулушу тууралуу сурады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына байланыштуу депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Улан Примов өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутаттардын суроолоруна ачык жооп берип жатканын айтып, мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жайларын аймактарда да куруу…

Кененирээк

Садыр Жапаров: «Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат»

Садыр Жапаров бүгүн парламентке келип, буга чейин “айрым депутаттар бөлүп-жарууга аракет кылганын, аракет убагында токтотулганын” айтты. “Элден шайланып келген өкүлдөр ошентип отурса, карапайым эл кайда барат деген ой келди… Мындан ары бөлүнүп-жарылууга барбайлы, бул мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, — деди Жапаров. Ал ошондой эле бөлүнүүнү жок кылуу үчүн соңку 5 жылда мамлекеттик кызматкерлер ротацияланып келгенин белгиледи….

Кененирээк

Кыргызстандагы тоннелдерден өтүүдөгү төлөмдүн суммасы бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги жол тоннелдери аркылуу өтүү үчүн төлөм киргизди. Тийиштүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Төлөмдөр тоннелдерди кармоо, тейлөө жана коопсуз пайдалануу үчүн жумшалат. Ал Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу боюнча жайгашкан тоннелдерге тиешелүү. Негизги түштүк трассасындагы тарифтер: жеңил автоунаа — 50 сом микроавтобус жана жеңил жүк…

Кененирээк

Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана тузу көп азыктарга акцизди жогорулатуу сунушталды

Кыргызстанда таттуу суусундуктарга жана тузу көп азыктарга акцизди көбөйтүү маселеси талкууланууда. Бул демилге Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган жыйында мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык уюмдардын (ДССУ, ЮНИСЕФ) өкүлдөрү менен каралды. Таттуу суусундуктар боюнча акцизди канттын көлөмүнө жараша коюу сунушталууда (азыр — 1 литрге 3 сом): -100 млде 5 г чейин — 5 сом/литр -5–8 г…

Кененирээк

Соцфонд «Түндүк» тиркемесинде пенсиялык топтомдун суммасы азайып көрүнүшү боюнча түшүндүрмө берди

Маалыматка караганда, кээде сумма азайып көрүнүшү ишканалар берген тактоочу эсептерге байланыштуу болот. Алгач бухгалтерия бир сумма менен отчет тапшырып, кийин ката кеткендиктен оңдолгон отчет берсе, система жарандардын жеке эсебиндеги маалыматты автоматтык түрдө жаңыртат. Соцфонд белгилегендей, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн маалыматтары алгач Салык кызматына келип, андан кийин гана жарандардын жеке эсептерине чегерилет. Ошондой эле Соцфонд документтик негиз болмоюнча…

Кененирээк

Ашууларда күн бүркөк, бороон болуп, туман каптап жатат

Транспорт министрлиги Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргенин билдирди. Жеңил транспортко бардык ашууларда жол ачык. Мекеме жол тейлɵɵ ишканалары түндө жааган карды, бороон айдап салган күрткүнү тазалап, жолго кум, туз себилип жатканын айтты. Айдоочуларды аралыкты сактап, каршы тилкеге чыкпай, керектүү шаймандарды кошо ала жүрүүнү эскертти.

Кененирээк

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды. Чектөө 6 айга киргизилип, төмөнкү мал түрлөрүнө тиешелүү: -ири мүйүздүү мал, -жылкылар, -кой жана эчки.

Кененирээк

Беш шаарда абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулат

Жаратылыш рессурстары министринин орун басары Асел Раимкулова Дүйнөлүк банктан алынган 50 млн доллар ушул станцияга коротуларын белгиледи. Анын айтымында, Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Атага орнотулчу станциялар Дүйнөлүк банк менен макулдашылууда. “Мындан тышкары, абанын булганышын талдоо боюнча заманбап лаборатория жана маалымат борборун курууга керектүү документтерди даярдоо үчүн тендер өткөрүлүп жатат. Абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө үчүн…

Кененирээк

Өлкөдө алдыдагы күндөрү -28 градуска чейин суук болот

Кыргызгидромет эртеңден тарта аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. 10-11-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. 11-12-мартта абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° Таласта түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин Нарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук…

Кененирээк