Кыргызгидромет эртеңден тарта аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. 10-11-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт.
11-12-мартта абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°
Таласта түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин
Нарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук болот.
Республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11° чейин төмөндөйт.

