Садыр Жапаров: «Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат»

Садыр Жапаров бүгүн парламентке келип, буга чейин “айрым депутаттар бөлүп-жарууга аракет кылганын, аракет убагында токтотулганын” айтты.

“Элден шайланып келген өкүлдөр ошентип отурса, карапайым эл кайда барат деген ой келди… Мындан ары бөлүнүп-жарылууга барбайлы, бул мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле бөлүнүүнү жок кылуу үчүн соңку 5 жылда мамлекеттик кызматкерлер ротацияланып келгенин белгиледи. Мындан тышкары, кийинки жылдын сентябрынан тарта студенттер дагы ротацияланарын кошумчалады.

“Мисалы, жалпы бюджеттик 10 миң орун берилсе, анын жарымы түндүккө, жарымы түштүккө берилет. Түндүктүк студенттер түштүккө барып, түштүктүк студенттер түндүктө окуйт”, — деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *