Жарамазан кайырчылыкка айланбашы керек

Бишкек шаарынын вице-мэри жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ал түнкүсүн ата-энесиз жүргөн балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өспүрүмдөрдү кайыр сураганга тарткан кафе-ресторандардын жоопкерчилиги караларын билдирди. Вице-мэр жарамазан салты кайырчылыкка айланбашы керектигин айтып, ата-энелерди балдарын көзөмөлсүз калтырбоого чакырды.

Кененирээк

Имамдардын стипендиясы 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Абдулазиз кары Закиров имамдар мамкызматкер болбогондуктан бюджеттен каржыланбасын белгилеген. Ошондой эле белгилүү себептерден улам бул максатка грант алууга да болбосун кошумчалаган. Ошондуктан бул үчүн умрага баргандардын эсебинен 9% алуу чечими кабыл алынганын маалымдады. Имамдарга былтыр 8000 сомдон стипендия чегерилген.

Кененирээк

Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттү

Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Орусия, Кытай, Жапониядан жана Кыргызстандан келген окумуштуулар, археологдор, тарыхчылар катышты. Иш-чарада 2025-жылдагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, негизги объекттер боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары сунушталды. Алардын арасында Кочкор-Башы шаарчасы, Саймалу-Таш, байыркы Өзгөн, Талас менен Нарындагы аска бетиндеги сүрөттөр, Чырпыкты көрүстөнүндөгү казуу иштери жана башка жайлар…

Кененирээк

Өлкөдө «Кыргыз спутник» ишканасы түзүлөт

Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» аттуу 100% мамлекеттик акционердик коом түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Кыргыз спутник экологиялык мониторинг, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, пайдалуу кендерди изилдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иштейт. Уставдык капитал — 100 миң сом. Каражатты Каржы министрлиги бөлөт. Каракол шаарынан ишкана үчүн жер тилкеси бөлүү сунушталды. Токтом кабыл…

Кененирээк

Садыр Жапаров жетекчилерди саясий оюндардан оолак болууга чакырды

Анын айтымында, мындай көрүнүш башаламандыкка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. «Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, элдин ишенимине доо кетирген», – деди өлкө башчысы. Ал ар бир жетекчини өз милдеттерин так аткарууга чакырып, мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда тууганчылык болбошу керектигин…

Кененирээк

Жерди, сууну көзөмөлдөөчү адистер боди-камера менен иштеп башташат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгынын негизинде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Аталган демилгенин алкагында бүгүн инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер тарабынан жабдууларды туура иштетүү, маалыматтарды сактоо жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча кеңири маалымат…

Кененирээк

Өткөн жылы жаратылышка зыян келтиргендерге 73 млн 710 миң сом айып салынды

Жаратылыш министрлиги жыл аягына чейин анын 66 млн 145 миң сому өндүрүлгөнүн кабарлады. Жаратылышка зыян келтирген жалпы 10 миң 666 учур катталган. Анын арасында көп катталган мыйзам бузуулар абаны булгоо жана мыйзамсыз аң улоого байланыштуу.

Кененирээк

27-февралга карата аба ырайы

Бүгүн, 27-февралда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын, тоолуу райондордо кар жаайт. Ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 🔸 Чүй облусу: түнкүсүн -3…2°C, күндүз 1…6°C🔸 Талас облусу: түнкүсүн -4…1°C, күндүз 1…6°C🔸 Ош облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸 Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸 Баткен облусу: түнкүсүн 2…7°C, күндүз 7…12°C🔸 Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸…

Кененирээк

Биринчи жолу 3 пайыз үстөгү менен насыялар берилет

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоорго ылайык, “Элдик Банк” асыл тукум мал чарбасын колдоо үчүн эң төмөнкү үстөк пайыз менен насыялоону баштады. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин активдүү колдоосу менен мамлекеттик «Элдик Банк» асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган…

Кененирээк

МИК быйыл республика боюнча кезек күткөндөргө жалпысынан 20 миңден ашуун батир берет

“Учурда өлкө боюнча 90 миңдей адам кезекте турат. Анын 48 миңден ашыгы Бишкекте, аларга болжол менен 6300дөй батир берилет. Калгандары аймактар боюнча бөлүнөт”, — деди компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси. Кылычбек Келдибеков “Биринчи радиого” берген маегинде аймактар боюнча бериле турган батирлердин саны төмөнкүдөй экенин айтты: Чүйдө — 3129 Жалал-Абадда — 3219 Ысык-Көлдө — 2266 Нарында —…

Кененирээк