Бишкектеги автобус каттамдарынын жарымынын схемасы өзгөрүп, коомдук транспорттун көбү түз жана айлампа менен жүрөт

Мэриянын Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, автобустардын бардыгы негизги көчөлөр менен жүргөндүктөн, коомдук транспорт тыгындын негизги себеби болууда. Андыктан аларды төмөнкүдөй кылып бөлүштүрүү каралып жатат: Автобустар шаарды аралап кыдырбай түз-түз кетет, Калаанын четин камтыган чоң айланма маршрут болот. Негизги көчөлөргө жанаша кеткен маршруттар ачылат. Учурда иштеп жаткан 72 каттамдын дээрлик теңи өзгөрөт….

Кененирээк

Кыргызстанда балдарды чет өлкөгө диний билим алууга жиберүүгө айып пул киргизүү сунушталууда

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кенешке киргизилди. Документке ылайык, 18 жашка чейинки жарандардын диний билим алуу максатында өлкөдөн чыгышына толук тыюу салуу каралууда. Ошондой эле мындай сапарга шарт түзгөн ата-энелер жана башка адамдар жоопкерчиликке тартылат. Айып пулдар: жеке жактар үчүн — 6 600 сом юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом Өзгөртүүлөр бир катар мыйзамдарга, анын…

Кененирээк

1-апрелден тарта автоунааларды кайра каттоо «Түндүк» аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Ош шаарындагы унааларды каттоо борборунун ишин көрүп жатып айтты. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.

Кененирээк

Чүйдө азык-түлүктү муздатып сактаган заманбап комплекс курула баштады

Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоп жатат. Аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк көлөмү эки эсеге чейин көбөйөт. “Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, биз Кыргызстандын экологиялык таза продукция өндүрүүчү катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз”, — деди Артём Новиков. Анын айтымында, жаңы…

Кененирээк

В гепатитине каршы эмдөө оң натыйжасын берүүдө

2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi — Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт. Жыйынтык — 2000–2020-жылдар аралыгында балдар арасында В гепатитинин оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарган. Бул өлкөдөгү профилактикалык…

Кененирээк

Бишкекте мектептер арасында «Таза шаар» сынагы өтөт

ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты.  Жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.  Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат….

Кененирээк

Банк эсебиңиздеги каражат дагы мураска калышы мүмкүн

Өлкө боюнча 6,6 млн электрондук капчыкта 1,4 млрд сом бар. Бирок алардын кожоюндары кайтыш болсо, мураскерлери акчаны ала турган жоболор жок. Ошондуктан электрондук акчаны мүлк деп эсептөө сунушталды. Эми электрондук капчыктын ээси каза болгондо тийиштүү банк мураскерлерге маалымат берип, өткөрүп берет. Азыр Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алып, президент кол коюшу гана калды.

Кененирээк

“Бишкек Арена” футбол стадионунан 500 метр радиуста үч кабаттан бийик имарат курууга тыюу салынат

Чектөө токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерге жайылтылбайт. Бул чаралар стратегиялык объектинин коопсуздугун камсыз кылуу жана анын иштөө, эксплуатациялоо режимин тактоо максатында кабыл алынган.

Кененирээк

Бишкек–Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү атып түшүрүлүүдө

Мындай аракет жол кырсыктарын алдын алуу жана каттамды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн көрүлүп жатат. Транспорт министрлиги учурда Бишкек–Ош жолунун Өтмөк тилкесинде, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында адистер иш алып барып жатканын кабарлады. Ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жана Кара-Үңкүр капчыгайында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Мындай аракеттер 23-февралдан 28-февралга чейин уланат.

Кененирээк

100 айыл өкмөткө жайыттарды жакшыртууга 100 миң доллардан грант берилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тамчыбек Тулеев маалымат берди. Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 230 айыл өкмөтү бар. Алардын ичинен сынак аркылуу тандалган 100 айыл өкмөтү жайыттарды натыйжалуу башкаруу үчүн $100 миңден грант алат. Каражаттын бөлүштүрүлүшү: $70 миңи — жайыттарды калыбына келтирүүгө; $30 миңи —…

Кененирээк