Кыргызстанда суу үнөмдөөчү технологияларды киргизген дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, жылдык 2 пайыз менен насыя берүүгө мамлекет тарабынан 1 миллиард сом каралды. Тамчылатып сугаруу системасы 20 миң гектардан ашкан жерге орнотулат деп пландалууда.

Кененирээк

Ошто Монуев көчөсүн бойлото Кыр-Арык каналынын эки тарабында сквер ачылды

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин бул жерде соода түйүндөрү жана мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, жээк толугу менен бошотулган. Мэрдин тапшырмасы менен бошотулган аймак көрктөндүрүлүп, шаар тургундары үчүн сейилдөө жайы түзүлдү.

Кененирээк

Массалык башаламандыктарды уюштурууга катышы бар деген шек менен дагы эки киши кармалды

ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот. Кармалгандардын жашаган жерлери тинтүүгө алынган. Эске салсак, буга чейин кайрылуу жасаган 75 кишинин ичинен үчөөнө массалык башаламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, шектүүлөр камакка алынган. Милиция…

Кененирээк

“Кыргыз жайыт” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Айыл чарба министринин айтымында, түзүлгөн мекеме жайыттарды калыбына келтирүү, коргоо жана мониторинг менен алектенет. Болбосо жайыттардын кунары качып, мал-жандыктын көптүгүнөн табият зыян тартууда. Бакыт Төрөбаев жайыттарды коргоо үчүн малды азайтып, сандан сапатка өткөрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Дыйкандарга асыл тукум малдын уругу бекер таратылып, породасы жакшы мал алам дегендерге 3%дык насыя берилүүдө. “Жайлоолорго биостимулятор…

Кененирээк

Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүнүн инфраструктурасы жаңыланат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө көчөнүн жол катмарынын абалы, тротуарлар, ирригациялык тутумдар, жарыктандыруу жана жашыл аймактарды иретке келтирүү маселелери каралып, кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле көчөнүн инфраструктурасын этап-этабы менен…

Кененирээк

Кыргызстанда тик учак оңдогон алгачкы борбор ачылды

Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот. “Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт”, — деди Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси. Мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп,…

Кененирээк

ИИМ Бекболот Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрдү деген маалыматты четке какты

Буга чейин коомдук ишмердин уулу атасын эрте менен суракка алып кетишкенин, үйдө бир нече милиция кызматкери калганын, алар тинтүү жүргүзүшү мүмкүн экенин айткан. Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган петицияга кол койгондордун бири болгон. Белгилей кетчү нерсе, ал 2016-жылы төңкөрүш жасоого шектелип кармалган. Талгарбеков “мөөнөтүнөн мурда шайлоо” өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган. Президент да…

Кененирээк

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-февраль кечки саат 8ден 19-февралга чейин, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот. Бул убакыт аралыгында адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Кененирээк

Бишкек мэриясы жумушу жокторду бекер окутуп, иш таап берет

Туруктуу жумушу жана диплому жок 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандарды №4 кесиптик лицейине кабыл алуу башталды. Сабактар курулуш тармагында суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча теория жана практика менен айкалышып өтүлөт. 2 жыл 10 айлык жана үч айлык окууну аяктагандан кийин шаар бийлиги тарабынан жумуш орундары сунушталат. Каалоочулар электромеханик, ширетүүчү, мебель уста, сантехник, шыбакчы, кыш…

Кененирээк

Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод курулат

Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду. Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту. Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына 310 миң тоннага…

Кененирээк